Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/38
Кош-Дөбө айыл аймагындагы С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жана “АТА” бала бакчасынын керектен чыккан буюмдарын чыгыштоо
Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Э.Ниязалиеванын айыл аймагындагы С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин жана “АТА” бала бакчасынын керектен чыккан буюмдарын чыгыштоо тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Саз айылынын С.Орозбак уулу атындагы орто мектебинин карамагындагы эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз болгон 211468 (эки жүз он бир миң төрт жүз алтымыш сегиз) сомдук инвентарлар талапка жооп бербегендиктен чыгышталсын. (Тиркеме тиркелет).
2. Кара-Саз айылынын “АТА” бала бакчасынын карамагындагы эскилиги жетип, пайдаланууга жараксыз болгон жалпы суммасы 125818,19 (бир жүз жыйырма беш миң сегиз жүз он сегиз сом он тогуз тыйын) сомдук инвентарлар талапка жооп бербегендиктен чыгышталсын. (Тиркеме тиркелет).
3. Чыгышталган инвентарларды жеринен текшерип, бухгалтериялык эрежеге ылайык чыгыштап берүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы С.Капаровга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин экономика, финансы, бюджет, салык жана муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |