Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-декабрындагы № 18/37
Кош-Дөбө айыл аймагындагы мекемелердин жана калктын кышка карата көмур отуну, отканалардын даярдыгы тууралуу
Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Э.Ниязалиеванын айыл аймагындагы мекемелердин жана калктын кышка карата көмүр отуну, отканалардын даярдыгы тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагындагы мекемелердин жана калктын кышка карата көмүр отуну, отканалардын даярдыгы “Канааттандыраарлык” деп белгиленсин.
2. Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарынын элин кыш мезгилинде көмүр отуну менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында көмүр кампаны туруктуу иштешине көмөк көрсөтүү жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулуна тапшырылсын
Төрага | Б.Казиев |