Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-ноябрындагы № 17/36
Кара-Күңгөй айылына бала бакча салуу боюнча Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна долбоорго өздүк салым берүү жөнүндө
Кара-Күңгөй айылына бала бакча салуу үчүн Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан долбоор боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылына бала бакча салуу боюнча долбоор Теңир-Тоо өнүктүрүү фондуна сунушталсын.
2. Аталган долбоор боюнча иш алып баруу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башкы адиси, демилгелүү топтун мүчөсү А.Кыдыралиевага милдеттендирилсин.
3. 2023-жылдын жергиликтүү бюджетинен аталган долбоорго өздүк салым катары 100 000 (бир жүз миң) сом бөлүп берүү жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Талантбек уулу Талгарга тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |