Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 1-ноябрындагы № 17/35
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 31.10.2022-жылдагы №306 кайрылуу каты жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 31.10.2022-жылдагы №306 кайрылуу каты боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Талантбек уулунун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын 2022-жылга карата белгиленген жергиликтүү салыктардын планынан ашык аткарылган бөлүгүнөн 100,0 миң сом акча каражатынан Кара-Күңгөй, Кара-Саз айылдарына кошумча курулган таза суунун ачылышын өткөрүүгө 22154100-беренесине 45,0 миң сомду, катуу таштандыларды таштоо үчүн урна жасоого 2222-беренесине 10,0 миң сомду, кызматтык авто унаанын күйүүчү майы үчүн 2214-беренесине 30,0 миң сомду, С.Орозбак уулу атындагы орто мектебине жаңы келе турчу компьютерлерин интернетке кошуу үчүн атайын жабдууларын алууга 2222-беренесине 10,0 миң сомду жана аппаратка концелярдык буюмдарды алуу үчүн 2222-беренесине 5,0 миң сомду жогорудагы беренелерге коюуга макулдук берилсин.
2. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн ушул токтомго ылайык келтирип берүү жагы КР Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Талантбек уулун тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |