Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 15/32
Маданият үйү, клуб, китепкана башчыларынын элди маданият менен тейлөөдө аткарып жаткан иштери жөнүндө
Социалдык маселелер, электр энергия, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Э.Ниязалиева маданият үйү, клуб, китепкана башчыларынын элди маданият менен тейлөөдө аткарып жаткан иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл аймагынын Кара-Саз айылдык маданият үйүнүн көркөм жетекчиси С.Суюмбаевдин, Кара-Күңгөй айылдык клубунун башчысы К.Раматовдун, Кара-Саз айылдык китепканасынын башчысы Ж.Бөкөнбаеванын элди маданият менен тейлөөдө аткарып жаткан иштери “Канааттандыраарлык” деп белгиленсин. Ал эми Кара-Күңгөй айылдык китепканасынын башчысы Т.Осмоналиеванын аткарып жаткан иштери “Жакшы” деп белгиленсин.
2. Элди маданият менен тейлөөдө аткарып жаткан иштерин мындан ары да өркүндөтүү, даталуу күндөргө карата маданий иш-чараларды дайыма уюштуруп туруу жагы айыл аймагынын маданият мекемелеринин жетекчилерине тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |