Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-декабрындагы №2/2
Баетов айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш боюнча туруктуу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө
Баетов айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап, депутаттардын Баетов айылдык Кеңешинин II -cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Баетов айылдык Кеңешинин регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын курамы 4 адамдан түзүлсүн.
2. Туруктуу комиссиянын курамына төмодөгүлөр шайлансын.
2.1. Жолдубаев Нурбек Тилекбекович №4091 УОС шайлоо округунун депутаты.
2.2. Иманалиева Нурзат №4088 Терек шайлоо округунун депутаты.
2.3. Шыгаев Курман Абдралиевич №4092 Баетов шайлоо округунун депутаты
2.4. Черикбаев Чынгыз Молдогазиевич №4089 Алтын Муун- Мүсүралиева шайлоо округунун депутаты.
3. Регламент, депутаттык этика жана мандат, мыйзамдуулукту укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы болуп №4091 УОС шайлоо округунун депутаты Жолдубаев Нурбек Тилекбекович дайындалсын
Төрага: |
| Ч. Азимжанов |