Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 20-сентябрындагы № 15/31
Элдин таза суу менен камсыз болушу жана ИСКАКБлардын жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Мандат, депутаттык иш, этика жана коомдук тартипти сактоо, агрардык жер реформасы, жайыттарды пайдалануу жана ФПСтин жери маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Раматовдун элдин таза суу менен камсыз болушу жана ИСКАКБлардын жүргүзүп жаткан иштери тууралуу маалыматын угуп жана талкуулап, Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңеши токтом кылат:
1. Элди таза суу менен камсыз кылууда “Түз-булак Чоң-Суу” ИСКАКБнын башчысы Ч.Мурсабаеванын жана “Үкөк суу” ИСКАКБнын башчысы К.Акиновдун аткарып жаткан иштери “Канааттандыраарлык” деп белгиленсин.
2. Элден таза суунун акчасын толук чогултуу жана суу ичүүчү адамдардын санын тактап чыгуу “Түз-булак Чоң-Суу” ИСКАКБнын башчысы Ч.Мурсабаевага жана “Үкөк суу” ИСКАКБнын башчысы К.Акиновго тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |