Редакцияот 22.08.2022
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМУ

Кош-Дөбө айыл аймактык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХIII сессиясы

 

2022-жылдын 22-августундагы № 13/28

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 18.08.2022-жылдагы №206 кайрылуу каты жөнүндө

Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 18.08.2022-жылдагы №206 кайрылуу каты боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы С. Капаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Күңгөй айылындагы клубдун кезектүү оңдоп-түздөө иштерине 2022-жылда бюджеттин чыгымдоо жагынын 2221-беренесинде каралган акчадан 8,9 миң сому кыскартылып, 2022-жылга күндөлүк басма сөзгө маданият мекемелерине жазылуу үчүн 2215-беренесине жылдырууга макулдук берилсин.

 

2. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн ушул токтомго ылайык келтирип берүү жагы КР Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.

 

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Талантбек уулун тапшырылсын.

 

 

Төрага

Б.Казиев