Загрузка документа…
КОШ-ДӨБӨ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
2022-жылдын 22-июлундагы № 12/27
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 22.07.2022-жылдагы №177 кайрылуу каты жөнүндө
Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысынын 22.07.2022-жылдагы №177 кайрылуу каты боюнча Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн ФЭБдин башчысы С. Капаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, депутаттардын Кош Дөбө айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кош-Дөбө айыл аймагынын Кара-Саз айылындагы С. Орозбаков атындагы орто мектебинин кезектүү оңдоп түздөө иштерине 2022-жылда бюджеттин чыгымдоо жагындагы каралган 65,0 миң сом акча каражатына тендер жарыялоодо чыгымдын статьялары туура эмес коюлуп калгандыктан аталган сумманы чыгымдын 70921-бөлүмүнөн 70111-бөлүмүнө жылдырууга макулдук берилсин.
2. 2022-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгүн ушул токтомго ылайык келтирип берүү жагы Каржы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Талантбек уулун тапшырылсын.
Төрага | Б.Казиев |