Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 25-январы № 28-т
"Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жуулган жүндү жана кашемирди инспекциялоо, карантин жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө протоколдун тиркелген долбооруна принциптүү эмес мүнөздөгү мүмкүн болуучу өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду эске алуу менен макулдук берилсин.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Долбоор |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын ортосундагы Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жуулган жүндү жана кашемирди инспекциялоо, карантин жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө ПРОТОКОЛ
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги (мындан ары - Кыргыз тарап) жана Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгы (мындан ары - Кытай тарап) достук консультациялардын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жуулган жүн жана кашемир боюнча төмөнкүдөй карантиндик жана ветеринардык-санитардык талаптар жөнүндө макулдашты.
1-берене.
Бул Протоколдо жуулган жүн жана кашемир койдун жуулган жүнү, эчкинин жуулган кашмир жүнү (жуулган кашемир), бодо малдын жуулган жүнү, төөнүн жуулган жүнү ж.б. кирет.
2-берене.
1. Кыргыз тарап ушул Протоколго ылайык таризделген ветеринардык-санитардык сертификаттын үлгүсүн Кытай тарапка жөнөтөт жана сертификат Кытай тарап анын бекиткенден кийин гана жарактуу болот. Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн арналган жүндү жана кашемирди ветеринардык контролдоо үчүн Кыргыз тарап жооп берет жана карантиндик талаптар сакталган учурда ветеринардык-санитардык сертификат берет.
2. Кыргыз тарап берген ветеринардык-санитардык сертификат төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
2.1. Ветеринардык-санитардык сертификат төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
2.1.1. жуулган жүндүн жана кашемирдин ушул Протоколдун жоболоруна шайкештиги жөнүндө арыз;
2.1.2. экспорттолуучу жуулган жүндүн жана кашемирдин "Scoured" ("Жуулган") деген сөздү камтыган англис тилиндеги аталышы;
2.1.3. экспорттолуучу жуулган жүндү иштетүүнүн (технологиясынын) сапаты, жуу жана кургатуу температурасы жана убактысы жөнүндө маалымат;
2.1.4. жуулган жүндүн жана кашемирдин салмагы (саны);
2.1.5. жуулган жүн жана кашемир үчүн таңгактын түрү;
2.1.6. дезинфекциялоочу каражаттардын аталышы жана дозировкасы, дезинфекциялоо жүргүзүүнүн убактысы жана орду.
2.1.7. жөнөтүү датасы жана орду, транспорттун жана транспорт каражаттарынын түрү;
2.1.8. экспорттоочунун жана импортоочунун аталышы жана дареги;
2.1.9. экспорттолуучу жуулган жүндү жана кашемирди өндүрүүчүнүн аталышы, дареги жана каттоо номери;
2.1.10. сертификаттын берилген датасы, Кыргыз тараптын расмий ветеринардык врачынын аты-жөнү жана кол тамгасы, жазуу жүзүндө;
2.1.11. Кыргыз тараптын компетенттүү органынын мөөрү.
2.2. Ветеринардык-санитардык сертификат бир түп нускадан жана эки көчүрмөдөн турат. Түп нускасы товар менен коштолушу керек.
2.3. Ветеринардык-санитардык сертификат орус, кытай же англис тилдеринде басылышы керек. Кол менен жазылган (ветеринардын кол тамгасынан башкасы) же өзгөртүлгөн сертификаттар жараксыз деп эсептелет.
2.4. Кытай портуна келип түшкөн жуулган жүн жана кашемир жарактуу ветеринардык-санитардык сертификат менен коштолууга тийиш. Ветеринардык-санитардык сертификаты жараксыз же жок болгон учурда Кытай тарап жуулган жүндү жана кашемирди кайтарып берүү боюнча чараларды көрөт.
3-берене.
Малдын жүнүн кыркуунун алдындагы алты айда Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн арналган жуулган жүндүн жана кашемирдин булагы болуп саналган мал баккан фермалардын 50 км радиусундагы аймак күйдүргү жана бруцеллез оорусунан таза болууга тийиш.
4-берене.
Кытай Эл Республикасына экспорттоо үчүн арналган жуулган жүн жана кашемир алынган мал төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
1) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн жана өстүрүлгөн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын ветеринария боюнча расмий органынын зооноздук контролунда турган;
2) малдын жүнүнөн жана кашемиринен жугуучу, адамдын ден соолугуна коркунуч туудурган оорулардын жана зооноздук инфекциялардын жок болушу.
5-берене.
Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган жуулган жүндү жана кашемирди өндүрүүчү төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) Кыргыз Республикасынын компетенттүү органында катталууга, шайкештик сертификаты болууга жана натыйжалуу көзөмөлдүн астында иштөөгө;
2) толук ветеринардык-санитардык жана эпидемияга каршы системасы, эпидемиянын алдын алуунун жана дезинфекциялоонун комплекстүү каражаттары, зарыл болгон технологиялык жабдуулары, саркынды суулар жана калдыктар үчүн тазалоочу курулмалары, жөнгө салынган өндүрүштүк жана технологиялык процесстери жана кайра иштетүү технологиялары, Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу продукцияны сактоо үчүн бөлүнгөн кампасы жана продукцияга байкоо жүргүзүүнү башкаруу системасы болууга.
3) Кыргыз тарап тарабынан Кытай тарапка сунушталууга. Кытай тарап менен биргелешкен инспекциялоодон өтүүдө, өндүрүүчү Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгында каттоодон өтүүгө тийиш. Каттоонун жарактуу мөөнөтү 5 жылды түзөт.
6-берене.
Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган жуулган жүн жана кашемир төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:
1) кайра иштетүү процесстери таңгактан чыгаруунун 5 резервуварынан турат, жуу, кургатуу ж.б. Жуу процесси биринчи резервуардагы сууга салуудан турат. Экинчи жана үчүнчү резервуарлар жуучу каражат менен жуу үчүн багытталган. Төртүнчү жана бешинчи резервуарлар таза суу менен жуу үчүн багытталган. Суунун температурасы 45-60 ºС деңгээлинде белгиленүүгө тийиш. Кургатуу температурасы 80 ºСдан төмөн эмес, ал эми узактыгы - 10 мүнөттөн кем эмес болууга тийиш;
2) сенсордук кабыл алуу аркылуу текшерүү төмөнкү сапаттарды аныктоого тийиш: тиешелүү түрдө жылтылдаган, жуулбаган жүндүн ачык жыты жок, кармаганда былжырабаган, жумшак, үлпүлдөк жана жүндүү, ачык бүктөлүүсү жок;
3) жуулган жүндө жана кашемирде калдык элементтер - топурак, кык жана отоо чөптөр болбоого тийиш.
7-берене.
Жуулган жүндү жана кашемирди таңгактоо үчүн ветеринардык-санитардык жана коомдук-гигиеналык талаптарга жооп берген жаңы материалдар колдонулууга тийиш. Таңгакта продуктун аталышы, анын саны (массасы), партиянын номери, таңгактоо номери, кайра иштетүү датасы, өндүрүүчүнүн аталышы жана анын каттоо номери көрсөтүлгөн этикеткалар болушу керек.
8-берене.
Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган жуулган жүндү жана кашемирди сактоо үчүн ветеринардык-санитардык талаптарга жооп берген кампалар жабдылууга тийиш. Жуулган жүндү жана кашемирди башка продукттар менен аралаштырууга жана түздөн-түз жерде же полдо сактоого болбойт.
9-берене.
Жуулган жүндү жана кашемирди ташуу үчүн транспорт каражаттары Кыргыз Республикасынын компетенттүү органы тарабынан бекитилген дезинфекциялоочу каражаттар менен тазаланууга жана чачылууга тийиш. Жуулган жүндү жана кашемирди ташууда булганышын алдын алуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.
10-берене.
Эгерде Кытай тараптын инспекциясынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынан ташылып келген жуулган жүндүн жана кашемирдин ушул Протоколдун тиешелүү жоболоруна шайкеш эместиги аныкталса, Кытай тарап бул тууралуу Кыргыз тарапка кабарлайт жана продукцияны кайтаруу боюнча чараларын көрөт. Эгерде Кытай тарап ушул Протоколдун жоболорун бузган ишканаларды каттаса, анда бул ишканалар Кытай Эл Республикасына сатууну жана экспорттоону токтотот. Кыргыз тарап Кытай тараптын кабарлоосун алгандан кийин иликтөөнү демилгелөөгө жана кырдаалды жакшыртуу боюнча чараларды көрүүгө жана жыйынтыгы жөнүндө Кытай тарапка кабарлоого тийиш.
Эки тарап консенсуска келгенде ишканалар Кытай Эл Республикасына экспорттоону кайра башташы мүмкүн.
11-берене.
Кыргыз тарап Кытай тарапка төмөндөгү кырдаалдар жөнүндө токтоосуз түрдө билдирет:
1) Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган жуулган жүн жана кашемир өндүрүүчүлөрдүн эмгегин коргоо жана коопсуздугун башкаруу боюнча мыйзамдарга жана эрежелерге олуттуу өзгөртүүлөр;
2) Кыргыз Республикасында Кытай Эл Республикасына жуулган жүндү жана кашемирди экспорттоого таасирин тийгизген же таасир этиши мүмкүн болгон күйдүргү, бруцеллез жана башка зооноздук оорулардын чыгышы;
3) ветеринардык сертификаттын расмий мөөрүнүн жана форматынын өзгөртүлүшү;
4) Кытай Эл Республикасына экспорттолуучу жуулган жүндү жана кашемирди кайра иштетүүчү өндүрүүчүлөрдүн каттоосуна өзгөртүүлөр киргизилгендиги.
12-берене.
Жуулган жүндү жана кашемирди кайра иштетүүчү ишкананы каттоонун колдонуу мөөнөтү бүтөөрүнө алты ай калганда Кыргыз тарап аны узартуу үчүн өтүнмө берет. Өтүнмө келип түшкөндө, Кытай тарап тиешелүү жол-жоболорго ылайык аны узартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Эки тараптын макулдашуусу боюнча Кытай тарап Кыргыз Республикасындагы жуулган жүндү жана кашемирди кайра иштетүүчү ишканага жеринде текшерүү жүргүзүү үчүн тиешелүү кызмат адамын жибере алат.
13-берене.
Зарыл болгон учурда, эки тараптын макулдашуусу боюнча, Кытай тарап Кытай Эл Республикасына экспорттоого багытталган жуулган жүндү жана кашемирди ретроспективдүү текшерүү жүргүзүү жана ушул Протоколдун аткарылышын, коопсуздукка жана ден соолукка мониторинг жүргүзүүнүн расмий системасын, ошондой эле кайра иштетүүчү ишканалардын өзүн-өзү текшерүү жана өзүн-өзү контролдоо мүмкүнчүлүктөрүнө текшерүү жүргүзүү үчүн Кыргыз Республикасына тиешелүү экспертти (эксперттерди) жөнөтө алат.
14-берене.
Ушул Протокол кол коюлган учурдан тартып күчүнө кирет жана эки тараптын макулдашуусу боюнча өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Ар бир тарап экинчи тарапка Протоколго өзгөртүү киргизүү ниети жөнүндө алты ай мурун жазуу жүзүндө кабарлайт.
15-берене.
Ушул Протокол беш колдонулат жана эгерде тараптардын бири экинчи тарапка бул Протоколду өзгөртүү же токтотуу ниети жөнүндө анын колдонуу мөөнөтү аяктаганга чейин жазуу жүзүндө билдирбесе, автоматтык түрдө дагы беш жылга узартылат. Ар бир тарап экинчи тарапка ушул Протоколдун колдонулушун токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндө апты ай мурда билдирүүгө милдеттүү.
16-берене.
Ушул протокол 2025-жылдын "___" ____________ шаарында 2 түп нускада, кыргыз, кытай, орус жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык төрт текст тең бирдей аутенттүү болуп саналат. Кандайдыр-бир айырмачылыктар болгон учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ.
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин атынан |
| Кытай Эл Республикасынын Бажы башкы башкармалыгынын атынан |
___________________________________ |
| ___________________________________ |