Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин V чакырылышынын V сессиясынын
2024-жылынын 02-августу №30
« Субанбеков Жусупту Кыргыз Республикасынын “Кыргыз
Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкер ” ардак наамына көрсөтүү жөнүндө”».
Атай айыл аймагынын Арал айылынын тургуну Субанбеков Жусуптун Атай айыл аймагынын айылдык кеңешине жазган арызын угуп жана талкуулап, Атай айыаймагынын айылдык кеңешинин V шайланган депутаттарынын кезектеги V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Субанбеков Жусуптун көп жылдык үзүрлүү эмгеги бааланып, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкер ” ардак наамына көрсөтүүгө сунушталсын.
2. Субанбеков Жусупту Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасына эмгек сиӊирген кызматкер ” ардак наамына көрсөтүү боюнча сунушту Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясына кетирүү жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.К.Жаныбаевке тапшырылсын.
3. Кабыл алынган токтом тиркемеси менен жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын. Аталган токтом, тиркемеси менен расмий жарыялангандан кийин, Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн көчүрмөсү жиберилсин.
4. . Жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялоо жана ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин жооптуу катчысы Н.Нарматовага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына
Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы: |
Н.Т.Жээнбаев |