Загрузка документа…
БАЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕНЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 27-декабрындагы №2/7
Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган долбоорлорду бекитүү жана ѳздүк салымдарды бѳлүп берүү жѳнүндѳ
Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган долбоорлорду бекитүү жана ѳздүк салымдарды бѳлүп берүү жѳнүндѳ, Баетов айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:
1. Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган тѳмѳндѳгү долбоорлор жактырылып, бекитилсин;
2. Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү тарабынан даярдалган тѳмѳндѳгү долбоорлордун ѳздүк салымдары жергиликтүү бюджеттен бѳлүнүп берилсин;
3. Долбоорлорду тийиштүү тараптарга тапшырууну Баетов айыл аймагынын айыл ѳкмѳтү камсыз кылсын.
№ |
Долбоордун аталышы |
Долбоор боюнча ѳздүк салым суммасы,сом |
Долбоордун жалпы суммасы,сом |
1 | Мусоровоз сатып алуу | 800 000 | 7 200 000 |
2 | Баетов спорт клубдун сыртын жылуулоо | 388 398 | 2 589 317 |
3 | Баетов айылындагы дамбаны тазалоо | - | 1 859 315 |
| Жалпы: | 1 188398 | 11 648 632 |
4. Бул токтомдун аткаруу жагы айыл ѳкмѳт башчысы Т.С.Сабыровго милдеттендирилсин
Төрага: |
| Ч. Азимжанов |