Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 27-январы, № 30
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене
Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, №122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 31-берененин мамлекеттик тилдеги 3-бөлүгү төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Өлчөмү 5 эсептик көрсөткүчтөн кем болбогон, ушул Кодекстин 318-беренесинде каралган укук бузуулар үчүн салынган айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң аз өлчөмү 10 эсептик көрсөткүчтөн кем боло албайт.
Өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш болгон, ушул Кодекстин 76, 77, 771, 149, 2841, 2842, 3721 жана 373-беренелеринде каралган укук бузуулар үчүн салынуучу айып пулдарды кошпогондо, жеке жактарга салынуучу айып пулдун эң көп өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 1071-берене менен толукталсын:
"1071-берене. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу жана мазактоо
1. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган мазактоо, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын адепсиз түрдө атайын кемсинтүү, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.
2. Жалпыга маалымдоо каражаттарында, Интернет тармагындагы сайтта же Интернет тармагындагы сайттын баракчасында камтылган жалаа жабуу, тактап айтканда, башка адамдын ар-намысына жана кадыр-баркына шек келтирген же анын беделин түшүргөн жалган маалыматтарды билип туруп таратуу, -
жеке жактарга 200 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактарга 650 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салууга алып келет.";
3) 454-берененин 1-бөлүгүнүн 1-пункту "96," деген цифралардан кийин "1071," деген цифралар менен толукталсын;
4) 456-берене төмөнкүдөй мазмундагы экинчи абзац менен толукталсын:
"Ички иштер органдары ушул Кодекстин 56-59, 70-72, 96, 1071, 126-129, 131-беренелеринде, 189-беренесинин 2-бөлүгүндө, 192-беренесинин 4-бөлүгүндө, 193-беренесинин 1-21, 4-5-бөлүктөрүндө, 271-беренесинде, 431-беренесинин 2-бөлүгүндө, 449-беренесинин 2-бөлүгүндө каралган укук бузуулар жөнүндө протоколдорду түзөт жана соттун кароосуна жиберет.".
2- берене
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2025-жылдын 31-январындагы № 27 (3663) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алган |