Редакцияот 26.05.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Дарыя айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 19-сессиясынын

 

 

2023-жылдын 26-майы № 13

 

“Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше, чыгашаларынын долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолу жөнүндө”

 

Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2024-жергиликтүү бюджетинин долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолу жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Караевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, Кара-Дарыя айылдык кеңеши токтом кылат:

1. Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин кирешелери атайын каражат менен кошо 2024-жылга долбоору 26220,7миң сом, 2025-жылга божомолу 27060,1 миң сом 2026-жылга божомолу 27130,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин

2. Республикадан берилүүчү теңдөө грантынын көлөмү 2024-жылга долбоору 6082,0 миң сом 2025—2026-жылдарга божомолу 6082,0 миң сом өлчөмүндө бекитилип, тендөө гранты биринчи кезекте корголгон беренелерди (эмгек акы жана анын социалдык фондко болгон чегерүү, электр энергиясына тамак-аш) каржылоого жумшалсын.

3. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомдору менен бекитилген нормативдик актыларга жана айыл өкмөтүндө коомдук угууларда каралган маселелердин негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгымдарынын 2024-жылга долбоору 32302,7 миң сомго, 2025-жылга долбоору 33142,1 миң сом, 2026-жылга долбоору 33212,1 миң сомго бекитилсин.

4. Айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин бекитилген 2024-жылга долбоору жана 2025-2026-жылдарга божомолун жалпы мамлекеттик бюджеттин кошундусуна кошуу үчүн Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Сузак башкармалыгына тапшырылсын.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Караевке милдеттендирилсин.

6. Ушул токтом расмий түрдө жарыяланган күндөн тартып өз күчүнө кирет.

 

 

Кара-Дарыя айылдык Кеӊешинин төрагасы:

У. Абдыгапаров