Загрузка документа…
КАРА-ДАРЫЯ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 26-майы № 14
“2023-жылга мамлекеттик сатып алуудан үнөмдөлгөн жана киреше бөлүгүнө көбөйтүлгөн акча каражаттарын бөлүштүрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык, Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 2023-жылга бекитилген бюджетинин пландан ашыкча түшкөн кирешени пайдалануу жөнүндө ФЭБ башчысынын кайрылуусун угуп, талкуулап Кара-Дарыя айылдык Кеңеши токтом кылат:
1). Кара-Дарыя айыл өкмөтүнүн 5 ай ичинде пландан ашыкча түшкөн 11111100 киреше салыгынан 1100,0 миң сом жана 14151200 “Жер казынасын пайдалануу укугуна лицензияны кармоо үчүн”-210,0 миң сом, тендерден үнөмдөлгөн каражат 95,9 миң сом.
2). Бюджет кодексинин 130-беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн планы төмөндөгүдөй көбөйтүлсүн:
- 70111- аппарат бөлүмүнүн 2215 беренесине айыл өкмөткө караштуу имараттарды камсыздандырууга 22,5 миң сом,
- 706 ЖКХ бөлүмүнүн 2721 беренесине 2021-2022-жылдары селден жабыр тарткан 8 үй-бүлөгө 8 үйдү курууда эки тараптуу №2 келишимдин негизинде “Акбай Мега” жоопкерчилиги чектелген коомго 824,6 миң сом карыздан -400,0 миң сом,
- 706 ЖКХ бөлүмүнүн 2215 беренесине сугат суу менен камсыздоого арыктарды тазалоого 300,0 миң сом,
- 706 ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине таза суу үчүн казууга кызмат акысы 64,6 миң сом,
- 706 ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине Чаңгыр-Таш ФТБ нын электр зымдарын жаңылоого 10,0 миң сом,
- 706 ЖКХ бөлүмүнүн 2221 беренесине 3112 беренесинен көчөгө камера орнотууга 100, 0 миң сом,
- 70911 Балдар бакчага (Көпөлөк менен Ак-Тилек) кошумча тайпа ачылгандыгына байланыштуу 2218 беренесине 118,8 миң сом тамак- ашына,
- 70911 Балдар бакчаларга инвентарь алууга 3112 беренесине 190,0 миң сом (Көпөлөк-100,0 миң сом менен Мамалак-90,0 миң сом)
- 709211 Орто билим берүү бөлүмүнүн 2221 беренесине Чангыр-Таш мектебинин жылытуу системасынын жарылгандыгынан оңдоо иштерине 50,0 миң сом,
- 70923 Билим берүүдөн башка бөлүмүнүн 3112 беренесине спорт мектебине оңдоо иштерине 150,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
3). Бүгүнкү күндө тамак- ашка керектелүүчү азык-түлү кымбаттаганына байланыштуу ата-энелердин чогулушунун протоколуна ылайык атайын каражат эсебинен (ст. 14231100) 1947,0 мин сом акча каражаты 2023-жылга бекитилген план көбөйтүлсүн.
4). Бюджет кодексинин 130- беренесине ылайык, баланстуулукту сактоо максатында чыгаша бөлүгүнүн 70911-бөлүмүнүн 2218-беренесине 1947,0 миң сомго көбөйтүлсүн.
5). 2023-жылга бекитилген бюджеттин киреше жана чыгаша пландарына тактоолорду жүргүзүү жагы Финансы Министрлигинин Сузак финансы башкармалыгынан суралсын.
6). Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кара-Дарыя айылдык Кенешинин жооптуу катчысы Ч. Жантороевага милдеттендирилсин.
7). Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Н Караевке жүктөлсүн.
Кара-Дарыя айылдык Кеӊешинин төрагасы: | У. Абдыгапаров |