Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXII шайланышынын) кезексиз чакырылган XIV сессиясынын

 

 

2023-жылдын 11-марты № 16

 

Жергиликтүү маанидеги маселени аткаруу боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмесин бекитүү жөнүндө

 

2022-жылдын 23-декабрындагы №231 “Жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, милдеттердин тизмеси жөнүндө Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык, Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча «Тиешелүү аймактагы экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында мал чарбачылыгын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин милдеттери жөнүндөгү сунушун уккандан кийин, Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XIV сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени чечүү боюнча функциялардын, кызмат көрсөтүүлөрдү/иштердин, милдеттердин тизмеси 1-тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү/жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүн башчысы Арун уулу Темирбек камсыз кылсын.

3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн https://toguz-toro-ao.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялоо жана областык юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттосунан өткөрүү жагы жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

          

 

Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасы

У. Токтожумаев

 

 

 

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин

2023-жылдын №16 токтомуна

тиркеме

 

 

«Тиешелүү аймактагы экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» жаатында жергиликтүү маанидеги маселени чечүүнүн алкагында мал чарбасылыгын өнүктүрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

1.     Кызматтар

1.1.

Жеке чарбалардын асыл тукум малдарын асырап багуу үчүн жайларды берүү

Айыл өкмөтү

1.2.

Асыл тукум мал чарбасы менен алектенген жеке чарбаларга ветеринардык кызмат көрсөтүү

Айыл өкмөтү

1.3.

Конкурста жеңип чыккан, асыл тукум малды өстүргөн жеке чарбаларга 20 гектардан кем эмес өлчөмдө жайыттарды пайдаланууга берүү

Айыл өкмөтү,

жайыт комитети

   2. Функциялар

2.1.

Асыл тукум малды асырап багуу үчүн жайларды ижарага алуу укугуна тендер уюштуруу

Айыл өкмөтү

2.2.

Ветеринардык врачты конкурстук негизде кабыл алуу

Айыл өкмөтү

2.3.

Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине чарбаларга акы төлөнүүчү ветеринардык кызмат көрсөтүүнү киргизүү

Айыл өкмөтү

2.4.

Акы төлөнүүчү ветеринардык кызматтардын прейскуранттарын иштеп чыгуу жана бекитүү

Айыл өкмөтү

  3. Милдеттемелер

3.1.

Асыл тукум малды тиешелүү талаптарга ылайык асырап багуу үчүн мал сарайды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоо

Айыл өкмөтү, жеке ишкерлер

3.2.

Мал чарбачылыгы үчүн бөлүнгөн 20 га жайыттын чөптөрүн калыбына келтирүү боюнча иш-чараларды жүргүзүү

Айыл өкмөтү