Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясынын
2024-жылынын 27-ноября №1
« Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө».
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Эсептөө комиссиясынын Атай айыл аймагынын айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3-протоколу бекитилсин.
2. Өскөнбай уулу Сүйүндүк Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы болуп шайлангангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Кураналиева |
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу |
27.11. 2024-жыл Арал айылы
Катышышты:
Эсептөө комиссиянын төрагасы: Досматова Н. Ж.
Эсептөө комиссиянын катчысы: Кожошова М.К.
Эсептөө комиссиянын мүчөлөрү Эпеева Б.М.
Күн тартиби:
1. Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Досматова Н. күн тартиби, Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган :
1. Өскөнбай уулу Сүйүндүк
2. Баатырбек уулу Нурсултан
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча,эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы саны
__21 адам_(жыйырма бир).
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны 21 (жыйырма бир).
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны.20 (жыйырма)
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны.20 (жыйырма)
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны 1 (Бир).
6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны 20 (жыйырма).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 20 (жыйырма).
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны жок
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1 Өскөнбай уулу Сүйүндүк_-12 (Он эки ) добуш.
2. Баатырбек уулу Нурсултан_- 8 ( Сегиз) добуш.
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Өскөнбай уулу Сүйүндүк депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасы болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Атай айылдык кенешинин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Досматова Н
Эсептөө комиссиясынын катчысы Кожошова М.