Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 23-январы № 2732-VII
"Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун экинчи окууда кабыл алуу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары М.Самыйкожо, Н.Тургунбек уулу, А.Б.Кенжебаев тарабынан демилгеленген "Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кыргыз Республикасынын Үйбүлө кодексине, "Жарандык абалдын актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору экинчи окууда кабыл алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитети кабыл алынган жазуу жүзүндөгү сунуштарды, түзөтүүлөрдү эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыксын жана үчүнчү окууда кароо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары |
| Дж.К. Исаева |