Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I сессиясынын
2024-жылынын 27-ноября №2
« Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө».
Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын 27-ноябрындагы №3/1 -протоколу бекитилсин.
2. Баатырбек уулу Нурсултан Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Кураналиева |
Атай айыл аймагынын айылдык кенештин төрагасынын орун басарын шайлоо боюнча Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколу |
27.11. 2024-жыл Арал айылы
Катышышты:
Эсептөө комиссиянын төрагасы: Досматова Н. Ж.
Эсептөө комиссиянын катчысы: Кожошова М.К.
Эсептөө комиссиянын мүчөлөрү Эпеева Б.М.
Күн тартиби:
1.Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Досматова Нарынкүл Жаныбековна_күн тартиби, Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды.
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1.Баатырбек уулу Нурсултан
2.Акматбеков Тынчтыкбек Кошоевич
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басарын шайлоонун жыйынтыгы боюнча,эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин депутаттарынын жалпы саны 21 адам (жыйырма бир).
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны_21 (жыйырма бир).
3.Добуш берүүгө катышышкан депутаттардын саны 20 (жыйырма).
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны 20 (жыйырма).
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны 1(бир).
6. Добуш берүү учүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны _20 (жыйырма).
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны 20 (жыйырма).
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны жок .
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1.Баатырбек уулу Нурсултан-__13_(Он үч_) добуш.
2. Акматбеков Тынчтыкбек Кошоевич-_7_( жети) добуш.
Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча
депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Баатырбек уулу Нурсултан Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин төрагасынын орун басары болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Атай айыл аймагынын айылдык кенешинин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Н.Досматова
Эсептөө комиссиясынын катчысы М.Кожошова