Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I (Биринчи) чакырылышынын депутаттарынын кезексиз II сессиясынын
2024-жылынын 29-ноября №3
« III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Атай айыл аймагынын Өкүлчүлүктүү жыйынды чакыруу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” №271 сандуу Жарлыгын негиздеп, Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын берген сунушун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I шайланышынын) депутаттарынын кезексиз чакырылган II сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында III Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча Атай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйыны 7-декабрь күнү саат 10-00 дө Арал айылынын М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө өткөрүлсүн.
2. Атай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынына делегаттарды тандоо үчүн Атай айыл аймагы төмөнкүдөй аймактык бөлүктөргө бөлүнсүн: Арал, Атай,Бирдик, Карл Маркс айылдары.
3.Атай айыл аймагы боюнча делегаттардын жалпы саны 50 адам деп бекитилсин жана айыл аймактын бөлүктөрүндө төмөндөгүдөй ирээтте көрсөтүлсүн.
-Арал айылы боюнча делегаттардын саны 19 адам;
- Атай айылы боюнча делегаттардын саны 14 адам;
-Бирдик айылы боюнча делегаттардын саны 11 адам;
- Карл Маркс айылы боюнча делегаттардын саны 6 адам;
4.Аймактык бөлүктөрдө өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүү графиги төмөндөгүдөй бекитилсин:
-Арал айылында 2024-жылдын 3-декабрь күнү 12-00 дө М.Жунушалиев атындагы маданият үйүндө;
-Бирдик айылында 2024-жылдын 3-декабрь күнү саат 14-00 дө №6 Бирдик орто мектебинин имаратында;
-Атай айылында 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 12-00 дө М.Аттокуров атындагы клубда;
- Карл Маркс айылында 2024-жылдын 4-декабрь күнү саат 14-00 дө Саймалуу-Таш орто мектебинин имаратында;
5. Аймактык бөлүктөрдө өкүлчүлүктүү жыйынга делегаттарды шайлоо боюнча жыйындарды өткөрүүгө жооптуу депутаттардын тизмеси төмөндөгүдөй бекитилсин:
а) Арал айылы боюнча: Эпеев Акылбек Молдожумаевич
б) Атай айылы боюнча: Өмүкеевич Урматбек Мусакеримович
в) Бирдик айылы боюнча: Кураналиева Бүбүсара Кубаталиевна
г) Карл Маркс айылы боюнча: Манапбаева Кардыгач Медетбековна
6. 2024-жылдын 7-декабрь күнүнө саат 10-00 гө Атай айыл аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын өткөрүү үчүн аймактык бөлүктөрдөн шайланган делегаттардын катышын камсыз кылып берүү максатында жумушчу топтун курамынын саны 5 ( Беш ) адам деп бекитилсин жана тѳмѳндѳгүдѳй курамда түзүлсүн:
1. Өскөнбай уулу Сүйүндүк: - АК төрагасы, жумушчу топтун төрагасы;
2. Баатырбек уулу Нурсултан: - АК төраганын орун басары, жумушчу топтун
төрагасынын орун басары;
3. Бердибек уулу Анарбек - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
4. Догдурбек уулу Жылдызбек: - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
5. Жөжөбаев Жакыпбек: - жумушчу топтун мүчөсү, айыл башчы;
7. III Элдик Курултайга шайланган делегаттын тизмесин, шайлоо тууралуу протоколун жана толтурулган анкетасын райондук уюштуруу комитетине жөнөтүү жагы өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча түзүлгөн жумушчу топтун төрагасынын орун басары Баатырбек уулу Нурсултанга милдеттендирилсин.
8. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жѳнүндѳ” мыйзамына ылайык Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыялансын.
9. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагын ѳз жоопкерчилигиме калтырамын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы: |
Б.Кураналиева |