Редакцияот 11.03.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXII шайланышынын) кезексиз чакырылган XIV сессиясынын

 

 

2023-жылдын 11-марты № 17

 

“Тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси бекитүү тууралуу

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27 жана 34-беренелерине ылайык Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысынын тричилик калдыктарын чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылууну уюштуруу чаралары жөнүндө сунушу боюнча Тогуз-Торо айылдык кеңешинин XIV сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Тогуз-Торо айыл аймагынын жергиликтүү маанидеги маселени “Тиричилик таштандыларын чогултуу, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу” боюнча жергиликтүү маанидеги маселени чечүү үчүн кызмат көрсөтүүлөрдүн/иштердин, функциялардын жана милдеттердин тизмеси 1-тиркеме ылайык бекитилсин.

2. Бекитилген функцияларды аткаруу, кызмат көрсөтүүлөрдү/жумуштарды уюштуруу жана милдеттерди аткаруу боюнча бул токтомдун аткарылышын айыл өкмөтүнүң башчысы Арун уулу Темирбек камсыз кылсын.

3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн https://toguz-toro-ao.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялоо жана областык юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттосунан өткөрүү жагы жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.

Токтом бир добуштан кабыл алынды.

 

 

Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасы

У. Токтожумаев

 

 

 

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин

2023-жылдын №17 токтомуна

тиркеме

 

 

Жергиликтүү маанидеги «тиричилик таштандыларын чогултууну, ташып чыгарууну жана жок кылууну уюштуруу» маселесин чечүү боюнча кызматтардын/иштердин милдеттердин тизмеси

 

№

Кызматтын/функциянын/милдеттин аталышы

Аткаруу үчүн жооптуу

1. Кызматтар

1.1.

 Жеке жана юридикалык жактар үчүн тричиликтеги катуу калдыктарды (ТКК) чыгаруу жана жок кылуу

Айыл өкмөтү

1.2.

Курулуш таштандыларын чыгаруу

Айыл өкмөтү

 

2. Функциялар

2.1.

Айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын иштеп чыгууда катуу калдыктарды жыйноо,ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча ЖӨБ органдарынын иш-аракеттерин пландаштыруу

Айыл өкмөтү

2.2.

Юридикалык жана жеке жактар үчүн ТККнын топтоо нормасын эсептөө

Айыл өкмөтү

2.3.

Катуу таштандыларды чогултуу, ташып чыгаруу жана жок кылуу үчүн тарифти эсептөө

Айыл өкмөтү

2.4.

ЖӨБдин аткаруу органынын жылдык иш планында катуу калдыктарды чогултуу жана ташып чыгарууну пландаштыруу

Айыл өкмөтү

2.5.

Таштанды жайды катуу таштандыларды жок кылуу боюнча иштерди пландаштыруу

Айыл өкмөтү

2.6.

ТККны ташып чыгаруу жана жок кылуу боюнча тарифтерди төлөө үчүн жарандардын жеңилдетилген категорияларын аныктоо

Айыл өкмөтү

2.7.

ТККны алгачкы чогултуу жана сактоо боюнча контейнердик аянтчаларды жайгаштыруу үчүн жер тилкелерин бөлүп берүү

Айыл өкмөтү

2.8.

ТККны чогултуу үчүн жайларды жайгаштыруунун технологиялык картасын иштеп чыгууну жана бекитүү

Айыл өкмөтү

2.9.

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүнү тандоо/дайындоо

Айыл өкмөтү

2.10

Юридикалык жана жеке жактарга көрктөндүрүү эрежелер жөнүндө маалымат берүү

Айыл өкмөтү

3. Милдеттемелер

3.1.

ТККны чогултуу жана жок кылуу боюнча кызмат көрсөтүүчүгө атайын жабдууларды сатып алуу

Айыл өкмөтү

3.2.

Жарандардын аярлуу топторуна субсидияларды төлөө

Айыл өкмөтү