Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I (Биринчи) чакырылышынын депутаттарынын кезексиз III сессиясынын
2024-жылынын 02-декабры №5
« Туруктуу комиссияларды түзүү, төрага, орун басарын жана мүчөлөрүн шайлоо жөнүндө».
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин жооптуу катчысы Н.Нарматованын күн тартибиндеги туруктуу комиссияларды түзүү, төрага, орун басарын жана мүчөлөрүн шайлоо боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин (I шайланган) депутаттарынын кезексиз III сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагынын айылдык Кеңешинин туруктуу комиссиялары түзүлсүн жана төрагалары, төраганын орун басарлары, мүчөлөрү шайлансын:
- Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, муниципалдык менчик, регламент, депутаттык этика жана мандат боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Эпеев Акылбек Молдожумаевич, төраганын орун басарына Манапбаева Кардыгач Медетбековна , мүчөлөрүнө Жаныбаева Гүлайым Карыпбековна, Акматбеков Тынчтыкбек Кошоевич шайлансын
- Жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү , жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар жана жергиликтүү коомдоштуктар менен байланыш, билим берүү жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Каттообеков Сыргак Молдокеримович, төраганын орун басарына Канатбек уулу Самат, мүчөлөрүнө Досматова Нарынкүл Жаныбековна, Кожошова Максатгүл Карыбековна шайлансын.
- Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Кураналиева Бүбүсара Кубаталиевна, төраганын орун басарына Өмүкеев Урматбек Мусакеримович, мүчөлөрүнө Базарбаева Чолпон Дүйшөбековна, Уланбеков Бекназар Уланбекович шайлансын.
- Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Муса уулу Жанай, төраганын орун басарына Турдакун уулу Дарыбек, мүчөлөрүнө Маленкулова Анаркан Слановна, Мейманбеков Нурбек Мейманбекович шайлансын.
- Архитектура, курулуш, жол жана транспорт боюнча туруктуу комиссиясынын төрагалыгына Эрмек уулу Абай, төраганын орун басарына Бекмурза уулу Илимбек, мүчөлөрүнө Эпеева Бактыгүл Молдожумаевна шайлансын.
2 Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыяланган күндөн баштап юридикалык күчкө ээ болот.
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өз жоопкерчилигиме калтырам.
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы: |
Өскөнбай уулу Сүйүндүк |
|
|