Редакцияот 21.06.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXII шайланышынын) кезексиз чакырылган XVII сессиясынын

 

 

2023-жылдын 21-июну № 33

 

“Райондун ардактуу атуулуна” сунуштоо жөнүндө

 

Кыдыкбаева Бейшебүбү Тентимишовнаны «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына көрсөтүү үчүн Тогуз-Торо айылдык Кеӊештин депутатты А.Тилеманбетовдун корутундуларын угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезектеги чакырылган XVII сессиясы

Т О К Т О М К Ы Л А Т:

1. Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн Дөдөмөл айылынын тургуну, айылдык кенешинин төрагасынын орун басары Кыдыкбаева Бейшебүбү Тентимишовнаны айылдын социалдык –экономикалык абалын көтөрүүгө кошкон зор салымы үчүн жакынкы арада боло турган майрамдык салтанаттарга карата «Тогуз-Торо районунун ардактуу атуулу» наамына сунушталсын.

2.Токтомдун бир нускасы Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын алдындагы сыйлыктарды кароо комиссиясына сунушталсын.

3. Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн https://toguz-toro-ao.gov.kg/ расмий веб-сайтына жарыялоо жана областык юстиция башкармалыгынын мамлекеттик каттосунан өткөрүү жагы жагы жооптуу катчы З.Акуновага тапгшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасы

У. Токтожумаев