ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXII шайланышынын) кезексиз чакырылган XVIII сессиясынын
2023-жылдын 1-августу № 35
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдын бюджетине кошумча план кылып киргизүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражатына дем берүүчү гранттан утуп алган долбоордун өздүк салымы үчүн эл тарабынан төгүлгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнө кошумча план кылып киргизүү жөнүндөгү айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусованын билдирүүсүн угуп, жана талкуулап чыгып, Тогуз-Торо айылдык Кенешинин ( XXII шайланышынын) кезексиз чакырылган XVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн 2023-жылдагы бюджетинин атайын каражатына дем берүүчү гранттан утуп алган долбоордун өздүк салымы үчүн эл тарабынан төгүлгөн акча каражатын айыл өкмөтүнүн бюджетинин атайын каражатынын киреше бөлүгүнүн 14411100 беренесине 190,0 мин сомду жана аппараттын чыгаша бөлүгүнүн 3112 беренесине 190,0 мин сомду кошумча план кылып киргизилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын жана чыгымдалуучу акча каражаттарды көзөмөлгө алуу айылдык Кенештин “Бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Тилемамбетовго жана айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Д.Жунусовага тапшырылсын.
Токтом бир добуштан кабыл алынды.
Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасы | У. Токтожумаев |