ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (XXII шайланышынын) кезексиз чакырылган XVIII сессиясынын
2023-жылдын 1-августу № 36
Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан Ленин айылынын Т.Шайнаев, Т.Мурзалиев, К.Абдыжапаров кѳчѳлѳрүн жарыктандыруу долбоорун жалпы элдик жыйындын протоколун бекитип берүү жөнүндө
Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы Арун уулу Темирбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык Кеңешинин (ХХII шайланышынын) кезексиз чакырылган ХVIII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Тогуз-Торо райондук өнүктүрүү фондуна сунушталып жаткан Ленин айылынын Т.Шайнаев, Т.Мурзалиев, К.Абдыжапаров кѳчѳлѳрүн жарыктандыруу долбоорун боюнча каралган жалпы элдик жыйындын протоколу жактырылсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык Кеңештин регламент, депутаттык этика, жана мандат боюнча, мыйзамдуулукту , укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылат.
3. Токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгынын реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
Тогуз-Торо айылдык Кеӊешинин төрагасы | У. Токтожумаев |