Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 23-январы № 26
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
1-берене.
"Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Жарчысы, 2018-ж., № 7-8, 487-ст.) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) Мыйзамдын аталышында, 3-беренеде жана анын аталышында, 2-главанын аталышында, 6-берененин 2-бөлүгүндө, 19-берененин 1-бөлүгүндө, 29-берененин 1-бөлүгүндө "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) преамбула "экстремисттик ишти каржылоого" деген сөздөрдөн кийин ", уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого" деген сөздөр менен толукталсын;
3) 1-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 11-пунктта "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"19) Санкциялык тизмек - кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы жана (же) жүзөгө ашырууга катышкандыгы жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмеги, ал ушул Мыйзамдын 12-беренесине ылайык түзүлөт;";
в) 25-пунктта "террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга катышкандыгы тууралуу маалыматтар болгон" деген сөздөр "Cанкциялык тизмекке киргизилген" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) төмөнкүдөй мазмундагы 28 жана 29-пункттар менен толукталсын:
"28) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо - уюшкан топко же кылмыштуу коомдоштукка акча каражаттарын, предметтерди, заттарды жана (же) башка мүлктү берүү же чогултуу, мүлккө же мүлктүк мүнөздөгү пайдага укук берүү, же болбосо белек кылуу, алмашуу, кайыр садага кылуу, кайрымдуулук жардам берүү, маалыматтык жана башка түрдөгү кызматтарды көрсөтүү, же болбосо финансылык кызматтарды көрсөтүү, же болбосо уюшкан топтун же кылмыштуу коомдоштуктун муктаждыктары үчүн акча каражаттарын, предметтерди, заттарды жана (же) башка мүлктү сактоо, бөлүштүрүү, берүү, ошондой эле аларды каржылоо каналдарын иштеп чыгуу;
29) кылмыштуу ишти каржылоо - террористтик ишти каржылоо, экстремисттик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо, уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо.";
4) 2-берененин 2-бөлүгүндө:
а) 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү үчүн алдын алуу чараларын колдонуу боюнча;";
б) 2-пунктта "террористтик жана экстремисттик" деген сөздөр "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
в) 3-пунктта "террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого" деген сөздөр "кылмыштуу ишти каржылоого" деген сөздөргө алмаштырылсын;
г) 4-пунктта "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
5) 4-беренеде:
а) аталышында жана 1-бөлүгүнүн биринчи абзацында "Террористтик" деген сөз "Кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү маселелери боюнча координациялык-кеңешүүчү органды түзөт.";
6) 5-берененин 1-бөлүгүнүн биринчи абзацы, 2-бөлүгүнүн биринчи абзацы "юридикалык жактар" деген сөздөрдөн кийин ", чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү)" деген сөздөр менен толукталсын;
7) 7-беренеде:
а) 1-бөлүктө "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 2 жана 3-пункттарда "террористтик жана экстремисттик" деген сөздөр "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 6-пунктта "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
8) 8-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8-берене. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары
1. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары жана прокуратура органдары ушул Мыйзамга жана алардын иш чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмыштуу ишти каржылоого, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштарга каршы аракеттенүү боюнча чараларды көрөт.
2. Укук коргоо органдары жана улуттук коопсуздук органдары ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүүдө, тергөөгө чейинки текшерүүнү же кылмыш иши боюнча тергөөнү жүргүзүүдө кылмыштуу ишке тиешеси бар бардык финансылык жагдайларды тергөөнү жүргүзүүнү (финансылык териштирүүнү) төмөнкү максаттарда камсыз кылууга милдеттүү:
1) кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону) жана кылмыштуу ишти каржылоону аныктоо, алдын алуу, ачуу жана териштирүү;
2) кылмыштуу тармактын өлчөмдөрүн жана (же) кылмыштын масштабдарын аныктоо;
3) кылмыштуу кирешелерди, акча каражаттарын же башка кандай болбосун активдерди аныктоо жана көзөмөлдөп көз салуу;
4) кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө колдонулушу мүмкүн болгон буюмдук далилдерди алуу.";
9) 9-беренеде:
а) 5-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кылмыштуу ишти каржылоо, кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) жана аны менен байланышкан предикаттык кылмыштар боюнча фактыны аныктоонун жана териштирүүнүн жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте финансылык чалгындоо органы менен маалымат алмашууну жүзөгө ашырат.";
- экинчи абзацта "террористтик жана экстремисттик" деген сөздөр "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
б) 6-бөлүктүн биринчи абзацында "террористтик жана экстремисттик" деген сөздөр "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
10) 10-берененин 1-бөлүгүндө:
а) 1-пункт "экстремисттик иштерди каржылоого" деген сөздөрдөн кийин ", уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоого" деген сөздөр менен толукталсын;
б) төмөнкүдөй мазмундагы 8-пункт менен толукталсын:
"8) Санкциялык тизмекке киргизилген жактарга таандык болгон кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөр, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоо боюнча кызматтарды көрсөтүүгө.";
11) 11-беренеде:
а) аталышында, 1-бөлүктүн 1-пунктунда "Террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо", "террористтик ишти каржылоо, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоо" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Кылмыштуу ишти каржылоо", "кылмыштуу ишти каржылоо" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүктө:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети кылмыштуу ишти каржылоонун жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруунун (адалдоонун) аныкталган тобокелдиктерин азайтуу боюнча иш-аракеттер планын (стратегиясын) иштеп чыгат жана бекитет;";
- 2-пунктта "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
12) 12-беренеде:
а) 2-бөлүктө:
- биринчи абзац төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмеги террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко же коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы) же жүзөгө ашырууга (жасоого) катышкандыгы (мындан ары бул беренеде - кылмыштуу иш) жөнүндө маалыматтар болгон жеке жана юридикалык жактардын, топтордун жана уюмдардын тизмегин камтыйт, ал төмөнкү документтердин биринин негизинде түзүлөт:";
- 1-4, 6-пункттарда "террористтик же экстремисттик" деген сөздөр "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
- 5-пунктта:
"а" пунктчасында "террористтик жана экстремисттик иштерди же массалык кыргын салуучу куралды таратууну" деген сөздөр "кылмыштуу ишти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
"б" пунктчасында "террористтик же экстремисттик ишти же массалык кыргын салуучу куралды таратууну" деген сөздөр "кылмыштуу ишти" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 7 жана 8-пункттарда "террористтик же экстремисттик ишке жана массалык кыргын салуучу куралды таратууга" деген сөздөр "кылмыштуу ишке" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 5-бөлүктө:
- 1-пунктта "жокко чыгарылганда" деген сөздөр "толук же жарым-жартылай жокко чыгарылганда" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 2-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2) Кыргыз Республикасынын Жыйынды санкциялык тизмегине киргизилген жеке же юридикалык жактын, топтун, уюмдун же алардын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн жазуу жүзүндөгү кайрылуусун кароонун негизинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими боюнча;";
13) 13-беренеде:
а) 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасынын аймагында иштеген жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер:
1) Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга кандай болбосун каражаттарды түз же кыйыр (үчүнчү жактар аркылуу), толук же жарым-жартылай бербөөгө же кызматтарды көрсөтпөөгө тийиш;
2) Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларын (бүтүмдөрүн) жана (же) каражаттарын бул жактарга алдын ала кабарлабастан, кечиктирбестен тоңдурууга милдеттүү.
Мында финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар, ошондой эле кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер ушул бөлүктүн 1 жана 2-пункттарынын талаптарын аткарган учурдан тартып үч сааттын ичинде бул тууралуу, анын ичинде Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операцияларды (бүтүмдөрдү) жасоо аракеттери жөнүндө финансылык чалгындоо органына билдирет.";
б) 2-бөлүктүн 5-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5) кылмыштуу ишти, террористтерди жана экстремисттерди, террористтик жана экстремисттик уюмдарды, же болбосо массалык кыргын салуучу куралды таратуучу жактарды каржылоо үчүн багытталган каражаттар;";
в) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактардын, топтордун, уюмдардын операциялары (бүтүмдөрү) жана (же) каражаттары белгисиз мөөнөткө тоңдурулат жана жеке жана юридикалык жактар, топтор, уюмдар Санкциялык тизмектен чыгарылганда же соттун чечими боюнча бошотулат.";
г) 4-бөлүктө "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
д) 5-бөлүк төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Тоңдурулган каражаттар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети аныктаган тартипте башкарылат жана сакталат.";
14) 14-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"14-берене. Операцияларды (бүтүмдөрдү) токтотуп туруу боюнча чаралар
1. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алынган операцияны (бүтүмдү) кечиктирбестен токтотуп турууга жана бул жөнүндө операция (бүтүм) токтотулуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
Ушул Мыйзамдын 23-беренесинде каралган учурларда операциялар (бүтүмдөр) шектүү деп таанылат.
2. Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу жөнүндө чечим кардардын жана аны менен байланышкан жактардын ишкер мамилелерине же операцияларына (бүтүмдөрүнө) талдоо жүргүзүүнүн негизинде кабыл алынат жана кардар жана аны менен байланышкан жактар шектүү операцияны (бүтүмдү) жасап жаткандыгы жөнүндө маалыматтарды камтууга тийиш.
Операцияны (бүтүмдү) шектүү деп таануу жана шектүү операцияны (бүтүмдү) токтотуп туруу тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.
3. Кыймылсыз жана кыймылдуу мүлк, интеллектуалдык менчик объекттери (ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү, товардык белгилер, тейлөө белгилери) менен болгон бүтүмдөрдү мамлекеттик каттоону жүзөгө ашыруучу мамлекеттик органдар жана мекемелер Санкциялык тизмекке киргизилген жеке жана юридикалык жактарга, топторго, уюмдарга алардын катыштыгы бар экендиги жөнүндө укук коргоо органдарынан жана улуттук коопсуздук органдарынан алынган маалыматтар болгон бүтүмдөрдү каттоону токтотуп турууга, ошондой эле бул жөнүндө токтотулуп турган учурдан тартып үч сааттын ичинде финансылык чалгындоо органына билдирүүгө милдеттүү.
4. Токтотулуп турган операцияны (бүтүмдү) андан ары жүргүзүү жөнүндө чечим Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте токтотулуп турган операцияны (бүтүмдү) талдоонун жыйынтыгы боюнча финансылык чалгындоо органы тарабынан кабыл алынат.";
15) 15-беренеде:
а) 1-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) төмөнкүлөргө милдеттүү:";
б) 3-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"3. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактар, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдары (өкүлчүлүктөрү) ушул берененин 1-бөлүгүнө ылайык юридикалык жактын бенефициардык ээси жөнүндө түзүлгөн маалыматты финансылык чалгындоо органынын суроо-талабынын негизинде, анын ичинде электрондук форматта, байланыштын корголгон каналдары боюнча берүүгө милдеттүү.";
в) 4-бөлүктүн биринчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Кыргыз Республикасында түзүлгөн жана катталган юридикалык жактардын, чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) бенефициардык ээлери жөнүндө электрондук маалыматтар базасы түзүлөт.";
г) 5-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"5. Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдары, улуттук коопсуздук органдары, прокуратура органдары жана Кыргыз Республикасынын текшерүүчү органдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кылмышкерлердин же алар менен байланышкан жактардын Кыргыз Республикасында түзүлгөн юридикалык жактын, Кыргыз Республикасында иштеген чет өлкөлүк юридикалык жактардын филиалдарынын (өкүлчүлүктөрүнүн) юридикалык жактагы үлүшүн ээлеп калуусунун жана (же) контролдоосунун же бенефициардык ээси болуп калуусунун алдын алуу максатында зарыл болгон чараларды көрүүгө тийиш.";
16) 21-берененин 1-бөлүгүнүн 6-пунктунда "террористтик ишти каржылоо жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (адалдоо) тобокелдигинин" деген сөздөр "кардардын тобокелдигинин" деген сөздөргө алмаштырылсын;
17) 22-берененин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунда "террористтик" деген сөз "кылмыштуу" деген сөзгө алмаштырылсын;
18) 23-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пункту төмөнкүдөй мазмундагы "г" жана "д" пунктчалары менен толукталсын:
"г) уюшкан топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды;
д) массалык кыргын салуучу куралды таратууну.";
19) 25-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"25-берене. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактар менен операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүү
1. Кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууну (адалдоону), террористтик ишти, экстремисттик ишти, массалык кыргын салуучу куралды таратууну, кылмыштарды жасоо үчүн уюшкан топту же кылмыштуу коомдоштукту түзүүнү жана жетектөөнү, же болбосо ошол топко жана коомдоштукка катышууну же ошол топко же коомдоштукка башка көмөк көрсөтүүнү жүзөгө ашыргандыгы (жасагандыгы), ошондой эле мындай кылмыштуу ишти (мындан ары бул беренеде - кылмыштуу иш) каржылагандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операцияларга (бүтүмдөргө) кылмыштуу ишти кайталап жасоону аныктоо жана алдын алуу үчүн милдеттүү мониторинг жүргүзүлүүгө тийиш.
2. Финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактар кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жак тарабынан жасалган операциялар (бүтүмдөр) жөнүндө билдирүүнү алар жасалган күндөн тартып эки жумуш күндүн ичинде финансылык чалгындоо органына берүүгө милдеттүү.
3. Кылмыштуу ишти жүзөгө ашыргандыгы үчүн жазасын өтөгөн жеке жактардын тизмегин түзүүнүн жана жарыялоонун тартиби Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
20) 26-беренеде:
а) 1-бөлүк "накталай" деген сөздөн кийин "жана накталай эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
б) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Накталай жана накталай эмес акча каражаттары менен болгон операциялардын (бүтүмдөрдүн) тизмеги жана алардын чектик суммасы тобокелдиктерди баалоонун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленет.";
в) 3-бөлүк "Накталай" деген сөздөн кийин "жана накталай эмес" деген сөздөр менен толукталсын;
г) 4-бөлүк күчүн жоготту деп таанылсын;
21) 28-берененин 1-бөлүгүндө "Террористтик жана экстремисттик ишти каржылоого, массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылоого" деген сөздөр "Кылмыштуу ишти каржылоого" деген сөздөргө алмаштырылсын;
22) 32-беренеде:
а) 1, 4-6-бөлүктөрдө "Террористтик", "террористтик" деген сөздөр тиешелүүлүгүнө жараша "Кылмыштуу", "кылмыштуу" деген сөздөргө алмаштырылсын;
б) 2-бөлүк "массалык кыргын салуучу куралды таратууну каржылагандыгы" деген сөздөрдөн кийин "жана уюшкан кылмыштуу топторду же кылмыштуу коомдоштуктарды каржылагандыгы" деген сөздөр менен толукталсын.
2-берене.
1. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үч айлык мөөнөттө:
1) өзүнүн ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин;
2) мыйзам актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирүү жөнүндө мыйзамдардын долбоорлорун иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2024-жылдын 12-декабрында |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |