Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №41
« 2024-жылдын 6 (алты) айынын жыйынтыгы боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин отчету жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына жана Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, 2024-жылдын 6 (алты) ай ичинде аймакты социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү, калкты социалдык жактан коргоо программасын жүзөгө ашыруу, бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы, сырттан инвестиция тартуу иштеринин жүрүшү жана башка жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаев отчетун берди.
Жогорудагы отчетту угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаарын социалдык–экономикалык жактан өнүктүрүү багытында 2024-жылдын 6 (алты) ай ичинде аткарылган иштер жөнүндө Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин отчету жалпысынан канааттандырарлык деп табылсын.
2. Төмөндөгүлөр боюнча тез арада кошумча иштер жүргүзүлсүн:
- 2023-2024-жылдар үчүн түзүлгөн муниципалдык тапшырыктар кайрадан каралып, аткарылуучу иштердин көлөмүнө, багытына анализ жасоо;
- шаар аймагындагы жана ага караштуу айылдардагы курулуш жана ондоп түзөө иштеринин сапаттуу, өз мөөнөтүндө бүткөрүлүүсү боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүү;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн түзүүчү салыктык жана жана салыктык эмес жыйымдар боюнча белгиленген план-тапшырмаларды аткарууга жетишүү;
- протоколдук тапшырмаларды аткаруу, сессиянын жүрүшүндө айтылган сунуштардын алкагында иш алып баруу;
- муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алуу;
3.Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияларга (М.Дөөлөтбеков, К.Кенжеев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|