Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясынын
2024-жылынын 18-июлу №43
« Маркум Курамаев Садырбектин ысымын көчөгө ыйгаруу жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндөгү” мыйзамдарына, “Токтогул шаарындагы көчөлөргө, парктарга, мекеме,ишканаларга, окуу жайларга ысым ыйгаруу тартиби жөнүндө” жобонун талаптарына ылайык, М.Курамаевдин 26.04.2024-жылдагы арызы Токтогул шаардык кеңешинин “Өз алдынча башкаруу, депутаттын компетенциясы, этикасы, мыйзамдуулукту чындоо спорт, жаштар саясаты, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын 16.07.2024-жылы жыйналышында каралган.
Жыйынтыгында, туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXIV сессиясы, токтом кылат:
атайын формадагы тактайчага көчөнүн атын жаздырып, ар бир үйгө илдирүү, (сөзсүз түрдө мэрия менен макулдашуу аркылуу);
көчөнүн жолун, арыктарын иретке келтирүү, жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана жарык менен камсыз кылууга көмөктөшүү арыз ээсине, анын жакындарына тапшырылсын.
4. Аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (У.Тойчубеков) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|