Редакцияот 18.07.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXIV  сессиясынын

 

2024-жылынын 18-июлу №44

 

« Токтогул шаардык кеңешинин 25.03.2024-жылдагы №19 токтомуна

өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө».

          

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештин депутаттарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына, Токтогул шаардык кеңешинин Регламентине ылайык, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXIV сессиясы, токтом кылат:

 

  1. “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттар Шайлообеков Шахмурат Сыргакович, Кылданов Максат Сапарович, “Бирге-Вместе” саясий партиясынан депутаттар Коконбаев Кенжебек Коконбаевич, Куттубаева Клара Токтосуновна өз арыздарынын негизинде депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтоткондугу эске алынсын.

 

  1. Жогорудагылардын негизинде, Токтогул шаардык кеңешинин 25.03.2024-жылдагы №19 токтомуна төмөндөгүдөй өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин:

 

-        “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Мамытов Махсадбек Сыргакович “Экономика, бюджет, финансы каражаттары, чакан жана орто бизнес, маркетинг кызматы, кредит, инвестициялар боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына;

 

-        “Бирге-Вместе” саясий партиясынан депутат Мамытова Жанаркуль Автандиловна “Маданият, билим берүү, медицина, санитардык абал, экологияны коргоо, калктын социалдык абалы, даректүү жардам, коомдук уюмдар, жумушсуздук, мамлекеттик стандарт боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына;

 

-        “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынан депутат Жумаев Курсант кыштообаевич, “Бирге-Вместе” саясий партиясынан депутат Караев Азат Шамшарбекович “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын курамына кошулсун.

                                                              

  1. Туруктуу комиссиялардын иш пландарына ылайык иш алып баруу жогоруда аталган депутаттартарга милдеттендирилсин.
  2. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.

 

  1. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, мамлекеттик реестрге киргизүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) милдеттендирилсин.

 

 6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

 

Төрага:

                          М.Т. Борбугулов