Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу №46
«Участкалык шайлоо комиссиялардын резервдерине талапкерлерди
сунуштоо жөнүндө».
Кыргыз Республикасынын 30.06.2011-жылдагы № 62 “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамынын, БШКнын 06.11.2019-жылдагы № 176 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларын түзүү жана таркатуу тартиби жөнүндөгү” жобонун талаптарына, 18.07.2024-жылдагы Борбордук шайлоо комиссиясынын кайрылуусуна ылайык, Токтогул шаарындагы жана ага караштуу айылдардагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервине жамааттардан жана мекеме, ишканалардын эмгек жамаатынан сунушталган талапкерлердин арыздары жана башка документтери депутатттар тарабынан каралып, талкууланды.
“Жыйынтыгында, талапкерлер боюнча депутаттардын сунуштарын эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаарындагы жана ага караштуу айылдардагы участкалык шайлоо комиссияларынын резервдерине төмөндө көрсөтүлгөн сандагы жашоочулардын талапкерлиги ушул токтомдун тиркемесине ылайык сунушталсын:
№ 2235 Кыргызстан шайлоо участогу боюнча комиссия курамына- 5 талапкер;
№ 2236 Бөкөнбаев шайлоо участогу боюнча комиссия курамына - 5 талапкер;
№ 2237 Коргон-Ата шайлоо участогу боюнча комиссия курамына на - 5 талапкер;
№ 2238 Токтогул шайлоо участогу боюнча комиссия курамына – 5 талапкер;
№ 2239 Данканай шайлоо участогу боюнча комиссия курамына - 5 талапкер;
№ 2224 Комсомол шайлоо участогу боюнча комиссия курамына- 5 талапкер;
№ 2225 Кызыл-Туу шайлоо участогу боюнча комиссия курамына – 5 талапкер;
№ 2226 Куйбышев шайлоо участогу боюнча комиссия курамына-5 талапкер;
№ 2227 Жаңы-Жол шайлоо участогу боюнча комиссия курамына -5 талапкер;
№ 2228 Кара-Суу шайлоо участогу боюнча комиссия курамына -5 талапкер;
№ 2419 Арал шайлоо участогу боюнча комиссия курамына -7 талапкер;
2. Сунушталган талапкерлердин документтери Токтогул аймактык шайлоо комиссиясына өткөрүлүп берилсин.
3. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөлөрүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|