Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу №47
«Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.К.Боржуеванын өтүнүч каты жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндөгү”, “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамдарына ылайык, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.К.Боржуеванын 25.06.2024-жылдыгы № 01-11/253 сандуу өтүнүч каты Токтогул шаардык кеңешинин “Жер, жер реформасы, муниципалдык менчик, суу чарбасы, курулуш, өнөр жай, жол байланышы, жылуулук ресурстары боюнча” туруктуу комиссиянын 17.07.2024-жылдагы жыйналышында каралып, талкууланган.
Аталган туруктуу комиссиянын жыйналышынын корутундусун угуп жана талкуулап, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, токтом кылат:
1. Жогорудагы туруктуу комиссиянын чечимине ылайык, Токтогул райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы А.К.Боржуеванын Токтогул шаарынын Дадиев көчөсүндөгү аянты 0,12 га жер тилкесин райондук билим берүү бөлүмүнө өткөрүп берүү боюнча өтүнүчү канааттандыруусуз калтырылгандыгы эске алынсын.
2. Аталган муниципалдык менчиктеги жер келечекте жергиликтүү маанидеги башка маселелерди чечүү багытында колдонулсун.
3. Бул токтомду аткаруу Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө тиешелүү туруктуу комиссияга (К.Кенжеев) тапшырылсын.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
6. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|