СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 19/15
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар №109 жарлыгын аткаруу жөнүндө”
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер турак жай боюнча башкы адиси С.Сыдыгалиевдин Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги «Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” №109 жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы, Кара-Тоо, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алган жарандарга эскертүү берилсин.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы айылдарда жерлерди мыйзамсыз пайдаланган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер турак жай боюнча башкы адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |