СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы
2023-жылдын 16-январындагы № 19/13
Азык - Түлүк программасын колдоо максатында, дыйкандардын ѳздѳштүрүп алган жерлерин мыйзымдаштырып берүү жѳнүндѳ
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер турак жай боюнча башкы адиси С.Сыдыгалиевдин Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу айылдарда дыйкандар өздөштүрүп алган жерлерди мыйзамдаштыруу жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап. Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 5-авгусундагы №85 Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына Кыргыз Республикасынын жер кодексинин «Жайыттар жѳнүндѳгү» Мыйзамынын 3-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылынан жайыт жерден № 747, 738 контурунан 3,0га жер аянты, сугат айдоо жерден 5,0га бак ѳстүрүүгѳ жана Семиз-Бел айылынан жайыт жерден №325 контурунан асылдулугу тѳмѳн жер аянтынан 2,0га жерге бак ѳстүрүү үчүн, Кара-Тоо айылынан “Кѳк-Талаа” участогунан №584 контурунан 1,0га жайыт жерден кѳп жылдык айдоого жер аянттарын, Арсы айылынын “Кырман” участогунун №181 контурунан 1,0га жайыт жерден көп жылдык өсүмдүк өстүрүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарды мыйзамдаштырып, бүтүрүү жагы Семиз-Бел айыл ѳкмѳтүнүн жер адиси С.Сыдыгалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдө жагы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |