АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/3
Материалдык колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25–августундагы отурумунун корутундусун талкуулап чыгып, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Ала-Бука айылынын тургуну Джоробекова Шакендин өмүр баянын жана анын чыгармачылыгын чагылдырган китебин чыгаруу үчүн 50000 (элүү миң) сом акча каражаты ажыратылсын.
2. Ажыратылган акча каражаты менен өз убагында камсыздоо, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |