Редакцияот 16.01.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз XIX сессиясы

 

2023-жылдын 16-январындагы № 19/1

 

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы бюджетинин аткарылышы жөнүндө

Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюждетинин аткарылышы жөнүндө Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысы А.Касымованын отчетун, айылдык Кеңешинин экономика-финансы, бюджет жана орто бизнести өнүктүрүү, айыл чарба жер реформасы, байланыш, айлана чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Кадыбаевдин билдирүүсүн угуп, талкуулап, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун финансылык-экономикалык негиздери жөнүндө” мыйзамына ылайык Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:

 

1. Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык Кеңеши Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин аткарылышы боюнча кирешелер бөлүгү 14910,8 мин сомго, мунун ичинен атайын каражат 1787,3мин сомго жана чыгашалар 15117,0 мин сомго мунун ичинен атайын каражат 2331,6 мин сомго аткарылганы белгиленсин. Жыл башында калган калдык 1 629,2 мин сом, атайын каражаттан 429,9 мин сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

 

Б.Намазбек уулу