Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 18/6
Семиз – Бел айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жѳнүндѳ
«Кочкор маданият» коомдук бирикмесинин мүчѳсү Касымова Залина Ниязбековна улуттук аспабыбыз кыл кыякты дүйнѳгѳ жайылтып, Казакстан, Сауд – Аравия, Кытай, Белгия, Франция, Россия, США, Голландия, Тайван, Италия ѳңдүү бир топ мамлекеттерге барып кыргыз исскуствосун, музыкасын жайылтууга чоң салымын кошуп келгендигин белгилеп жана Касымова Залина Ниязбековнага тиешелүү документтерди карап чыгып Семиз – Бел айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамын берүү жѳнүндѳ Семиз – Бел айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунуштарын талкуулап, «Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу жѳнүндѳ» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 37-беренесинин 8-пункутуна ылайык Семиз – Бел айыл аймагынын айылык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз – Бел айыл аймагынын «Ардактуу атуулу» наамы «Кочкор маданият» коомдук бирикмесинин мүчѳсү Касымова Залина Ниязбековнага берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлдѳѳ туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |