Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 18/5
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн жер үлүшүнүн салыктары боюнча Кз зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” 2021-жылдын 21-октябрдагы №123 мыйзамынын 34-беренесинин 4-бөлүмүнө ылайык Семиз – Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы жер салыгын жана мүлк салыктарын Кз зоналдык коэффицентин көтөрүүдө Кыргыз Республикасынын 17-октябрь 2008-жылдагы №231 мыйзамынын негизинде Семиз – Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз - Бел айыл өкмөтүнүн жер үлүшүнүн салыктары боюнча Кз зоналдык коэффицентин бекитүү жөнүндө Семиз – Бел айылдык Кеңешинин 2013-жылдагы 28-августундагы №9/2 токтому күчүндө калтырылсын.
2. Жер салыгынын ставкаларын көтөрүүдө ушул токтомго ылайык келтирилип, салыктардын чогултулушун камсыз кылуу жана жер салыгын төлөөчүлөргө түшүндүрүү иштерин жүргүзүү айыл аймагынын ФЭБ башчысы А.Касымовага, салык кызматкери Б.Көбөновго тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Семиз –Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |