Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 18/4
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартибин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 27 жана 34 –беренелерине ылайык, Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысынын дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылууга байланыштуу чаралар боюнча сунушун угуп, Семиз-Бел айылдык Кеңеши, токтом кылат:
1. Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин башкаруу тартиби (мындан ары-Тартип) дыйкандарды сугат суу менен камсыз кылуу маселелерин 1-тиркемеге ылайык киргизүү бекитилсин.
2. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Акишов Бурканбек тартиптин бекитилген функцияларын аткаруу, кызматтарды уюштуруу жана милдеттенмелерди аткаруу бөлүгүнүн ишке ашырылуусун камсыз кылсын.
3.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономикалак маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |
| Семиз-Белайылдык кеңешинин “16” декабрь 2022-жылдагы № 18/4 токтомунун тиркемеси |
Жергиликтүү маанидеги «тиешелүү аймакты экономикалык өнүктүрүүнү камсыз кылуу, ошондой эле инвестицияларды жана гранттарды тартуу» маселесин чечүүнүн алкагында дыйкандардын сугат сууга жетишин камсыз кылуу боюнча кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин тизмеги.
№ | Кызматтардын, функциялардын, милдеттенмелердин аталышы | Аткаруу үчүн жоопту жак. |
1. Кызматтар | ||
1.1 | Сугат суусун суу пайдалануучуларга жеткирүү | Суу пайдалануучулар ассоцациясы(келишим боюнча) же а/о адиси |
2. Функциялар | ||
2.1 | Айыл өкмөтүнүн башчысынын бассейиндик кеңештин ишине катышуусу | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.2 | Муниципалдык менчиктердин реестиринде ирригациялык курулмаларды эсепке алууну жүргүзүү | Айыл өкмөтүнүн финансалык –экомикалык бөлүмү |
2.3 | Кызмат көрсөтүүчүлөр менен ирригациялык курулмаларды колдонуу боюнча келишим түзүү, кол коюу жана аткарылышын көзөмөлдөө. | Айыл өкмөтүнүн финансалык –экомикалык бөлүмү Жергиликтүү кеңеш |
2.4 | Суу пайдалануу ,эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин иштеп чыгуу жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.5 | Суу чарбасынын райондук башкармалыгы менен сугат суусун жеткирүү келишимин түзүү жана аткарылышын көзөмөлдөө. | Айыл өкмөтүнүн башчысы |
2.6 | Суу колдонуу, эксплуатациялоо жана ирригациялык системаны камсыз кылуу эрежелерин бузганы үчүн суу пайдалануучулардан административдик жоопкечилик маселери боюнча административдик комиссиянын ишин уюштуруу | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
2.7 | Ирригациялык кызматтардын төлөмүнүн (ИКТ) наркын эсептөө жана бекитүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3. Милдеттенмелер | ||
3.1. | Ирригациялык курулмаларды кызмат көрсөтүүчүлөргө муниципалдык мүлктүн объекти катары колдонууга берүү | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.2. | Ирригациялык курулмаларды камсыз кылууга амортизациялык чегерүүлөрдү толук же жарым жартылай компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы Жергиликтүү кеңеш |
3.3. | Суу пайдалануучулардын айрым категорияларына субсидияларды берүү | Жергиликтүү кеңеш |
3.4 | Субсидия аркылуу кызмат көрсөтүүчүлөрдүн чыгымдарын компенсациялоо | Айыл өкмөтүнүн башчысы |