Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 18/3
Семиз - Бел айылдык аймагынын территориясындагы ички чарбалык ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Кыргыз Респуликасынын «Мүлккө болгон муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 2 жана 19-беренелерине Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Семиз-Бел айыл аймагынын ички чарбалык сугат тармактарынан суу пайдалануучулардын жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө чечими туралуу Семиз - Бел айыл өкмөтүнүн башчысы Акишов Бурканбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Семиз - Бел айылдык Кенеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл аймагындагы ички чарбалык сугат тармактарынан суу пайдалануучулардын жыйынынын ирригациялык курулмаларды муниципалдык менчикке берүү жөнүндө суроо-талабы канааттандырылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Акишов : Семиз-Бел айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык курулмалары түрүндө мүлктү кабыл алуу актысын түзсүн.
3. Семиз-Бел айыл аймагындагы ички чарбалык ирригациялык курулмаларды кабыл алуу актысына кол койулсун, аны мамлекеттик нотариустан күбөлөндүрүлсүн жана мамлекеттик каттоо кызматынын органдарына каттатылсын.
4. Иррригациялык курулмаларды муниципалдык менчик реестирине камтылсын.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кенештин экономикалык маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |