Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 18/2
Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн клуб, китепкана башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара–Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы клуб, китепкана башчыларынын 2021-2022-жылдарга карата жүргүзгөн иштери жөнүндө клуб, китепкана башчыларынын жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара–Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы клуб, китепкана башчыларынын 2021-2022-жылдарга карата жүргүзгөн иштери “Канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара–Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарында даталуу күндөрдө маданий массалык иш чараларды жогорку деңгээлде уюштуруу жана инвестиция тартуу боюнча проектилер менен иштөө жагы клуб жана китепкана башчыларына милдеттендирилсин.
3. Клуб жана китепкана башчыларынын иштеринин уюштурулушунда, жогорку органдардан келген каттар, айыл өкмөтүнөн барган кат, буйруктарга өз убагында маалымат берүү менен аткаруучулук тартипти оңдоо, айрым учурларда бек тургандыгына байланыштуу, мындан ары колго алып, калкты тейлөөнүн сапатын жогорулатуу клуб, китепкана башчылырына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |