Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 16-декабрындагы № 18/1
Кара-Тоо айылы Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы ФАП башчыларынын жүргүзгөн иштери жөнүндө
Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара–Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2021-2022-жылдарга карата жүргүзгөн иштери жөнүндө ФАП башчыларынын жана туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык Кеӊеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнүн аймагындагы Кара–Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП башчыларынын 2021-2022-жылдарга карата жүргүзгөн иштери “Канааттандырарлык” деп табылсын.
2. Семиз-Бел айыл аймагындагы Кара–Тоо, Арсы, Семиз-Бел, Чекилдек айылдарындагы ФАП кызматкерлери айылдын элин сапаттуу тейлөө, социалдык оорулардын алдын алуу, каттоодон турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецепт менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жана ден-соолук комитеттери, мектептер менен биргеликте рейддерди уюштуруп тыгыз байланышта иш жүргүзүү жагы тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл башчыларына тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |