Загрузка документа…
СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2022-жылдын 24-октябрындагы № 17/1
Чекилдек айылынын “Кожогул” участкасындагы жайыт жериндеги сууга балык өстүрүүгө макулдук берүү жөнүндө
Чекилдек айылынын тургуну Султанов Теңизбек Чекилдек айылынын “Кожогул” участкасынан “Кара-Суунун” жээгиндеги жайыт жеринде сууга балык өстүрүү үчүн 3,54 га жер участогун сурап жазган арызынын негизинде айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовдун маалыматын угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 30, 33, 34-беренелерин жетекчиликке алып, Семиз-Бел аймагынын айылдык айылдык кеңеши, токтом кылат:
1. Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Чекилдек айылынын “Кожогул” участкасындагы картографиялык чийме боюнча инвентар № 626-контурларындагы жайыт жериндеги сууга балык өстүрүү үчүн 3,54 га жер тилкесин айыл чарба жерлерин чарба жеринин бир түрүнөн башкасына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Жайыт кыртышын бузууга алып келүүчү участокторду Кыргыз Республикасынын “Жайыттар” жөнүндө мыйзамына ылайык айыл чарба өндүрүшүнүн жоготууларын жана алынбай калган пайданы толтуруу наркынын суммасын эсептетип, жер пайдалануучунун эсебинен республикалык бюджеттин атайын эсеп счетко котортуу жагы айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомду аткарууга алуу жана мыйзамдаштыруу жагы Семиз-Бел айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Б.Акишовго тапшырылсын.
Төрага |
| Б.Намазбек уулу |