Редакцияот 25.08.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 24/7

 

“Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканасындагы атайын техниканы “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын балансына алуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:

1. “Ала-Бука тазалык” муниципалдык ишканасынын балансындагы Форд Транзит автоэвакуатору “Ала-Бука Водоканал” муниципалдык ишканасынын балансына алууга макулдук берилсин.

2. Автоэвакуаторго тийиштүү иш-кагаздарды тактоо жана баланска алуу, муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлсүн.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

   Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.