Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/9
Жеке ишкерлерге колдоо көрсөтүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун «Менчикти коргоо жана ишкерлер менен инвесторлорду колдоо жөнүндө» жарлыгынын негизинде, Кош-Көпүрө участогуна курулган тоок фермага суу түтүктөрүн тартып келүү үчүн жергиликтүү бюджеттен 157248 (бир жүз элүү жети миң эки жүз кырк сегиз) сом акча каражатын ажыратууга макулдук берилсин.
2. Ажыратылган акча каражаты менен камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Исмановго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү, айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |