Сравнение редакций…
|
|
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун СТРАТЕГИЯСЫ
1-глава. Киришүү
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) өлкөнүн карызын туруктуу жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Стратегия Кыргыз Республикасынын финансылык керектөөлөрүн алгылыктуу чыгымдар жана тобокелдиктин жол берилген деңгээли менен камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү иш-чаралар планы болуп саналат.
Стратегия карыз алууну пландаштыруудан жана каражаттарды тартуудан тартып карыздык тобокелдиктерди талдоого жана карыздын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүүгө чейинки мамлекеттик карызды башкаруунун бардык аспекттерин камтыйт. Макроэкономикалык кырдаалдарга жараша ички жана тышкы рыноктордогу конъюнктуранын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен Стратегияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот.
2-глава. Мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары жана милдеттери
2025-2027-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаты чыгымдарды азайтууну жана тобокелдиктерди башкарууну эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекте оптималдуу шарттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин керектөөлөрүн каржылоону камсыз кылуу болуп саналат.
Жогорудагы максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталган:
- баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун масштабын кеңейтүү;
- тышкы жана ички карыз алууларды тең салмактуу айкалыштыруунун эсебинен мамлекеттик карыз портфелинин туруктуулугун жогорулатуу;
- төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөрбөстөн мамлекеттик карызды өз убагында жана толук тейлөөнү камсыз кылуу;
- жеткиликтүү механизмдердин алкагында тышкы карызды реструктуризациялоо жана кыскартуу боюнча иштерди, анын ичинде карызды конверсиялоо боюнча операцияларды жүргүзүү;
- мамлекеттик карыздын түзүмү, тышкы жана ички мамлекеттик карызды тейлөө жана Стратегияда белгиленген талаптарды сактоо жөнүндө маалыматтарды дайыма жаңылоо жана жарыялоо жолу менен мамлекеттик карыз менен операциялардын ачык-айкындыгын жогорулатуу;
- мамлекеттик карызды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана отчеттуулуктун ачыктыгын камсыз кылуу үчүн карыздарды башкаруунун жана финансылык талдоонун жаңы DMFAS системасына (мындан ары - DMFAS) өтүү.
3-глава. Стратегияны камтуу
Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карыздык милдеттенмелери Стратегияны колдонуу чөйрөсүнө кирбейт.
Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2025-2027-жылдар мезгилине жайылтылат. Зарыл болгондо макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салык саясатынын параметрлеринин жана ата мекендик жана эл аралык финансы рынокторундагы динамиканын өзгөрүүсүн эске алуу менен Стратегияны жаңылоо жүргүзүлөт.
4-глава. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө өбөлгө болгон бир кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго тартылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген тышкы мамлекеттик карыз алууларды гана тартуу саясатын улантат: жаңы тышкы кредиттер грант-элементтин 35 пайыздык минималдуу маанисин сактоо менен тартылат.
Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырууда бир нече булактардан зайымдарды тартуунун же зайымдарды гранттык каражаттар менен айкалыштыруунун эсебинен бардык тартылган зайымдык жана/же гранттык каражаттарды (бириктирилген грант-элемент) эске алуу менен жеңилдиктердин деңгээлин эсептөөгө жол берилет. Бириктирилген грант-элементтин мааниси ошондой эле 35 пайыздан кем болбоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тартылуучу инвестициялар инфраструктуралык жана экономикалык пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган учурларда грант-элементтин минималдуу маанисин сактабастан инвестицияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, бул келечекте өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Тышкы карыздын ашыкча топтолушу менен коштолгон потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу бир кредитордун алдында тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан ашпаган тышкы карыздын сандык чектелишин белгилөө жана сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкө валютасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды эл аралык капитал рыногунда чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды (пайдалуу купондук ставкалар, ИДПга карата мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли ж.б.) түзүүдө чет өлкө валютасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мындай учурда минималдуу грант-элементке жана жеңилдиктердин деңгээлине карата талаптар жайылтылбайт, анткени мамлекеттик баалуу кагаздар рыноктук шарттарда жеңилдетилген кредиттик механизмдерге байланбастан чыгарылат.
Мында валюталык жана пайыздык тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн тышкы карыз алуунун шарттарына үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары тартылган каражаттар финансы-кредиттик уюмдардагы депозиттерде жайгаштырылат, ошондой эле башка эмитенттердин баалуу кагаздарына жана финансылык инструменттерине инвестицияланат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу тышкы карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеткиликтүү механизмдердин, анын ичинде көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу форматтарда карыздарды конверсиялоо боюнча операциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо жана/же кыскартуу боюнча ишти улантат.
5-глава. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды каржылоо максатында рыноктук эмес механизмдер аркылуу казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу укугун өзүнө калтырат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узак мөөнөттүү мамлекеттик казыналык облигацияларды (10, 15 жана 20 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен) сунуш кылууну колдойт.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети келечекте экономикалык пайда алып келе турган инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн ички рынокто чет өлкө валютасында каражаттарды тартууну карайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу ички карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатына жетүү үчүн мамлекеттик ички карызды башкаруу боюнча операциялар ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана ликвиддүүлүк принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкү чараларды карайт:
- эмиссиянын ар кварталдык календарын жарыялоо практикасын киргизүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларына үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү.
6-глава. Карызды башкаруу инфраструктурасын өнүктүрүү
DMFASке өтүү карызды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлерин жаңы платформаны колдонууга окутуу;
- мамлекеттин бардык карыздык милдеттенмелерин эсепке алуу жана талдоо үчүн DMFASти толук тестирлөө жана интеграциялоо;
- башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн DMFAS системасындагы маалыматтарды дайыма жаңыртып туруу жана системанын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
7-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин мамлекеттик кепилдиктерин чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун зарыл болгон ченемдик укуктук базасын иштеп чыгат жана бекитет, ал Кыргыз Республикасынын суверендүү карыздык кепилдиктерин чыгаруу менен байланышкан укуктук мамилелерге тартылган жана катышкан тараптардын максаттарын, зарыл талаптарын, чектөөлөрүн, укуктарын жана милдеттерин кылдат түрдө аныктайт.
Кыргыз Республикасы үчүн кепил катары тобокелдиктерди жана кесепеттерди минималдаштыруу суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун негизги принциби болот. Демек, мамлекеттик кепилдиктерди чыгарууну жөнгө салуучу жоболор жана башка ченемдик укуктук документтер суверендүү кепилдик менен жабуунун өлчөмүн аныктоодо зайымчынын тобокелдиктерин баалоого негизделет.
Суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун жол берилген жыйынды көлөмү Кыргыз Республикасынын карызынын туруктуулугу менен учурдагы жана күтүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен катуу тартипте аныкталат.
8-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карыздын өлчөмүн, түзүмүн жана тобокелдиктерин үзгүлтүксүз контролдойт жана туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлорун жана мамлекеттик карыздын туруктуулук индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат.
Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун ортосундагы координация мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо, бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү Стратегиянын максаттуу көрсөткүчтөрү менен макулдашылгандыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.
9-глава. Максаттуу сандык көрсөткүчтөр
Стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо таблицада берилген сандык максаттуу көрсөткүчтөрдүн маанилерине ылайык жүргүзүлөт. Максаттуу көрсөткүчтөр ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу менен байланышкан конкреттүү операцияларды даярдоодо жана ишке ашырууда критерийлер же багыттамалар функциясын аткарат.
Таблица
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу көрсөткүчтөрү
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси |
ИДПга карата мамлекеттик карыз | 70%дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 30%дан ашык эмес(1) |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли(2) | 35% |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси(3) | 35% |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын % менен) | 45%дан ашык эмес |
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жол берилген өлчөмү (сом) | 0,00 |
Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу | 100% |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндөгү МКОнун салыштырма салмагы (МБКнын жалпы эмиссиясынан %) | 70%дан кем эмес |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 5тен кем эмес |
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын жалпы суммасынан %) | 84%дан ашык эмес(4) |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкө валютасында чыгарылган жана жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздардын салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 30%дан ашык эмес |
Эскертүү:
(1) +1% диапазонунда четтөөлөргө жол берилет;
(2)-(3) тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээлин сактоо бөлүгүндө Стратегиянын аракети Эл аралык валюта фондунан алынган зайымдарды камтыбайт. Мындан тышкары, грант-элементтин маанисине карата талап тышкы карызды реструктуризациялоо жөнүндө мүмкүн болгон макулдашууларга, ошондой эле Стратегиянын 4-главасында белгиленген шарттарда жайылтылбайт;
(4) +1,5% диапазонунда четтөөлөргө жол берилет.
| Тиркеме |
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-январындагы № 38 токтому менен бекитилди) |
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик карызын башкаруунун
стратегиясы
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
1-глава. Киришүү
2025-2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы (мындан ары - Стратегия) өлкөнүн карызын туруктуу жана натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу максатында иштелип чыккан.
Стратегия Кыргыз Республикасынын финансылык керектөөлөрүн алгылыктуу чыгымдар жана тобокелдиктин жол берилген деңгээли менен камсыз кылууга, ошондой эле мамлекеттик баалуу кагаздардын ички рыногун өнүктүрүүгө багытталган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин орто мөөнөттүү иш-чаралар планы болуп саналат.
Стратегия карыз алууну пландаштыруудан жана каражаттарды тартуудан тартып карыздык тобокелдиктерди талдоого жана карыздын туруктуулугуна мониторинг жүргүзүүгө чейинки мамлекеттик карызды башкаруунун бардык аспекттерин камтыйт. Макроэкономикалык кырдаалдарга жараша ички жана тышкы рыноктордогу конъюнктуранын өзгөрүүлөрүн эске алуу менен Стратегияга өзгөртүүлөрдү киргизүүгө болот. Стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн мониторинг жүргүзүлөт жана максаттуу көрсөткүчтөрдүн жана коюлган милдеттердин аткарылышы жөнүндө маалымат жарым жылдык мезгилдүүлүк менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин сайтында берилет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
2-глава. Мамлекеттик карызды башкаруунун
максаттары жана милдеттери
2025-2027-жылдар мезгилине Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун негизги максаты чыгымдарды азайтууну жана тобокелдиктерди башкарууну эске алуу менен орто мөөнөттүү келечекте оптималдуу шарттарда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин керектөөлөрүн каржылоону камсыз кылуу болуп саналат.
Жогорудагы максатка жетүү үчүн төмөнкү милдеттер аныкталган:
- баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштыруунун масштабын кеңейтүү;
- тышкы жана ички карыз алууларды тең салмактуу айкалыштыруунун эсебинен мамлекеттик карыз портфелинин туруктуулугун жогорулатуу;
- төлөмдөрдүн мөөнөтүн өткөрбөстөн мамлекеттик карызды өз убагында жана толук тейлөөнү камсыз кылуу;
- жеткиликтүү механизмдердин алкагында тышкы карызды реструктуризациялоо жана кыскартуу боюнча иштерди, анын ичинде карызды конверсиялоо боюнча операцияларды жүргүзүү;
- мамлекеттик карыздын түзүмү, тышкы жана ички мамлекеттик карызды тейлөө жана Стратегияда белгиленген талаптарды сактоо жөнүндө маалыматтарды дайыма жаңылоо жана жарыялоо жолу менен мамлекеттик карыз менен операциялардын ачык-айкындыгын жогорулатуу;
- мамлекеттик карызды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана отчеттуулуктун ачыктыгын камсыз кылуу үчүн карыздарды башкаруунун жана финансылык талдоонун жаңы DMFAS системасына (мындан ары - DMFAS) өтүү.
3-глава. Стратегияны камтуу
Стратегия Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин жөнгө салат.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын жана Кыргыз Республикасынын муниципалдык органдарынын карыздык милдеттенмелери Стратегияны колдонуу чөйрөсүнө кирбейт.
Стратегиянын чаралары жана максаттуу көрсөткүчтөрү 2025-2027-жылдар мезгилине жайылтылат. Зарыл болгондо макроэкономикалык көрсөткүчтөрдүн, бюджеттик-салык саясатынын параметрлеринин жана ата мекендик жана эл аралык финансы рынокторундагы динамиканын өзгөрүүсүн эске алуу менен Стратегияны жаңылоо жүргүзүлөт.
4-глава. Тышкы карыз
Жаңы тышкы карыз алуулар экономикалык өсүшкө өбөлгө болгон бир кыйла артыкчылыктуу программаларга жана долбоорлорго тартылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеңилдетилген тышкы мамлекеттик карыз алууларды гана тартуу саясатын улантат: жаңы тышкы кредиттер грант-элементтин 35 пайыздык минималдуу маанисин сактоо менен тартылат.
Мамлекеттик инвестициялар долбоорлорун ишке ашырууда бир нече булактардан зайымдарды тартуунун же зайымдарды гранттык каражаттар менен айкалыштыруунун эсебинен бардык тартылган зайымдык жана/же гранттык каражаттарды (бириктирилген грант-элемент) эске алуу менен жеңилдиктердин деңгээлин эсептөөгө жол берилет. Бириктирилген грант-элементтин мааниси ошондой эле 35 пайыздан кем болбоого тийиш. Мында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тартылуучу инвестициялар инфраструктуралык жана экономикалык пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга багытталган учурларда грант-элементтин минималдуу маанисин сактабастан инвестицияларды тартуу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу, бул келечекте өлкөнүн экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзөт.
Тышкы карыздын ашыкча топтолушу менен коштолгон потенциалдуу тобокелдиктерди азайтуу бир кредитордун алдында тышкы карыздын жалпы суммасынын 45 пайызынан ашпаган тышкы карыздын сандык чектелишин белгилөө жана сактоо менен жүзөгө ашырылат.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети чет өлкө валютасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды эл аралык капитал рыногунда чыгаруу жана жайгаштыруу үчүн кыйла жагымдуу шарттарды (пайдалуу купондук ставкалар, ИДПга карата мамлекеттик карыздын туруктуу деңгээли ж.б.) түзүүдө чет өлкө валютасындагы мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу. Мындай учурда минималдуу грант-элементке жана жеңилдиктердин деңгээлине карата талаптар жайылтылбайт, анткени мамлекеттик баалуу кагаздар рыноктук шарттарда жеңилдетилген кредиттик механизмдерге байланбастан чыгарылат.
Мында валюталык жана пайыздык тобокелдиктерди төмөндөтүү үчүн тышкы карыз алуунун шарттарына үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүлөт. Мындан тышкары тартылган каражаттар финансы-кредиттик уюмдардагы депозиттерде жайгаштырылат, ошондой эле башка эмитенттердин баалуу кагаздарына жана финансылык инструменттерине инвестицияланат.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тышкы карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу тышкы карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жеткиликтүү механизмдердин, анын ичинде көп тараптуу, ошондой эле эки тараптуу форматтарда карыздарды конверсиялоо боюнча операциялардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы карызын реструктуризациялоо жана/же кыскартуу боюнча ишти улантат.
5-глава. Ички карыз
Мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу баа түзүүнүн рыноктук механизмдери аркылуу мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруу жана жайгаштыруу менен жүргүзүлөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети мамлекеттик программаларды каржылоо максатында рыноктук эмес механизмдер аркылуу казыналык милдеттенмелерди чыгаруу жолу менен мамлекеттик ички карыз алууларды тартуу укугун өзүнө калтырат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети узак мөөнөттүү мамлекеттик казыналык облигацияларды (10, 15 жана 20 жыл жүгүртүү мөөнөтү менен) сунуш кылууну колдойт.
Зарыл болгон учурда Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети келечекте экономикалык пайда алып келе турган инвестициялык долбоорлорду каржылоо үчүн ички рынокто чет өлкө валютасында каражаттарды тартууну карайт.
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ички карызын тейлөө өз убагында жана толук көлөмдө жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу ички карыз боюнча учурдагы милдеттенмелерди тейлөөгө төлөмдөрдүн мөөнөтүн кечиктирүүгө жол берүү боюнча нөлдүк маани белгиленет.
Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү максатына жетүү үчүн мамлекеттик ички карызды башкаруу боюнча операциялар ачык-айкындуулук, жөнөкөйлүк жана ликвиддүүлүк принциптерин сактоо менен жүзөгө ашырылат жана төмөнкү чараларды карайт:
- эмиссиянын ар кварталдык календарын жарыялоо практикасын киргизүү;
- мамлекеттик баалуу кагаздар рыногунун катышуучуларына үзгүлтүксүз консультацияларды өткөрүү.
6-глава. Карызды башкаруу инфраструктурасын
өнүктүрүү
DMFASке өтүү карызды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, отчеттуулуктун ачык-айкындуулугун камсыз кылууга мүмкүндүк берет жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин кызматкерлерин жаңы платформаны колдонууга окутуу;
- мамлекеттин бардык карыздык милдеттенмелерин эсепке алуу жана талдоо үчүн DMFASти толук тестирлөө жана интеграциялоо;
- башкаруу чечимдерин кабыл алуу үчүн DMFAS системасындагы маалыматтарды дайыма жаңыртып туруу жана системанын аналитикалык мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу.
7-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин мамлекеттик кепилдиктерин чыгаруу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун зарыл болгон ченемдик укуктук базасын иштеп чыгат жана бекитет, ал Кыргыз Республикасынын суверендүү карыздык кепилдиктерин чыгаруу менен байланышкан укуктук мамилелерге тартылган жана катышкан тараптардын максаттарын, зарыл талаптарын, чектөөлөрүн, укуктарын жана милдеттерин кылдат түрдө аныктайт.
Кыргыз Республикасы үчүн кепил катары тобокелдиктерди жана кесепеттерди минималдаштыруу суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун негизги принциби болот. Демек, мамлекеттик кепилдиктерди чыгарууну жөнгө салуучу жоболор жана башка ченемдик укуктук документтер суверендүү кепилдик менен жабуунун өлчөмүн аныктоодо зайымчынын тобокелдиктерин баалоого негизделет.
Суверендүү карыздык кепилдиктерди чыгаруунун жол берилген жыйынды көлөмү Кыргыз Республикасынын карызынын туруктуулугу менен учурдагы жана күтүлүп жаткан кырдаалды эске алуу менен катуу тартипте аныкталат.
8-глава. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
карызынын туруктуулугу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызынын туруктуулугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген эл аралык ченемдерге ылайык мамлекеттик карыздын өлчөмүн, түзүмүн жана тобокелдиктерин үзгүлтүксүз контролдойт жана туруктуулуктун бардык бюджеттик индикаторлорун жана мамлекеттик карыздын туруктуулук индикаторлорун андан ары өркүндөтүүнү жүзөгө ашырат.
Тийиштүү министрликтердин, мамлекеттик комитеттин жана административдик ведомстволордун ортосундагы координация мамлекеттик инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууну каржылоо, бюджетти жана төлөм балансын колдоо үчүн жаңы тышкы жана ички карыз алуулардын суммасы жана түзүмү Стратегиянын максаттуу көрсөткүчтөрү менен макулдашылгандыгын кепилдөөгө мүмкүндүк берет.
9-глава. Максаттуу сандык көрсөткүчтөр
Стратегиянын аткарылышына мониторинг жүргүзүү жана баалоо таблицада берилген сандык максаттуу көрсөткүчтөрдүн маанилерине ылайык жүргүзүлөт. Максаттуу көрсөткүчтөр ошондой эле мамлекеттик карызды башкаруу менен байланышкан конкреттүү операцияларды даярдоодо жана ишке ашырууда критерийлер же багыттамалар функциясын аткарат.
Стратегияны бекемдөө жана аны ишке ашырууга көмөктөшүү максатында мамлекеттик карыздын орто мөөнөттүү стратегиясынын (Medium-Term Debt Management Strategy же MTDS) кийинки жаңыланышында кайра каржылоо жана пайыздык тобокелдиктер менен байланышкан жаңы көрсөткүчтөрдү кабыл алуу мүмкүнчүлүгү каралат.
| 1-таблица |
2025–2027-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын
башкаруунун стратегиясын ишке ашыруунун максаттуу
көрсөткүчтөрү
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси |
ИДПга карата мамлекеттик карыз | 70 %дан ашык эмес |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 30 %дан ашык эмес (1) |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли (2) | 35 % |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси (3) | 35 % |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынын % менен) | 45 %дан ашык эмес |
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жол берилген өлчөмү (сом) | 0,00 |
Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу | 100 % |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндөгү МКОнун салыштырма салмагы (МБКнын жалпы эмиссиясынан %) | 70 %дан кем эмес |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 5тен кем эмес |
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын жалпы суммасынан %) | 84 %дан ашык эмес (4) |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкө валютасында чыгарылган жана жайгаштырылган МБК салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 30 %дан ашык эмес |
Эскертүү: (1) + 1 % диапазонунда четтөөлөргө жол берилет; (2)–(3) тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээлин сактоо бөлүгүндө Стратегиянын аракети Эл аралык валюта фондунан алынган зайымдарды камтыбайт. Мындан тышкары, грант-элементтин маанисине карата талап тышкы карызды реструктуризациялоо жөнүндө мүмкүн болгон макулдашууларга, ошондой эле ушул Стратегиянын 4-главасында белгиленген шарттарда жайылтылбайт; (4) + 1,5 % диапазонунда четтөөлөргө жол берилет. | |
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)
10-глава. 2022–2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясын ишке ашырууга баа берүү
2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясы Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 1-июлундагы № 357 “2022–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруунун стратегиясын бекитүү жөнүндө” токтому менен бекитилген. Андан кийин 2023–2024-жылдары жогоруда аталган стратегияга өзгөртүүлөр киргизилген. Анда мамлекеттик карызды башкаруунун максаттары, масштабы жана убактылуу алкактары баяндалган, ошондой эле Стратегияны жүзөгө ашыруунун жүрүшүн аныктоочу максаттуу көрсөткүчтөр белгиленген.
Жогоруда аталган Мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясынын негизги максаты эң аз чыгымдар менен жана тобокелдиктин акылга сыярлык деңгээлинде карыз алуу аркылуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин каржылоого болгон керектөөлөрүн камсыз кылуу болуп саналат. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана мамлекеттик карыздын туруктуулугун колдоо кошумча милдеттер болуп калды.
Жогоруда көрсөтүлгөн Стратегияны колдонуу чөйрөсү Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу маселелерин, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кепилдиктерин камтыйт. Белгилей кетсек, 2022-жылдан тартып 2024-жылга чейин Мамлекеттик карызды башкаруунун стратегиясынын колдонуу мезгилинде Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан кепилдиктер берилген эмес.
Көрсөтүлгөн Стратегияда тандалган фискалдык көрсөткүчтөр боюнча максаттуу диапазондор белгиленген. Бул максаттуу көрсөткүчтөр 2-таблицада жалпыланган.
| 2-таблица |
2023–2024-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик
карызын башкаруунун стратегиясынын максаттуу
көрсөткүчтөрүн ишке ашыруунун жыйынтыктары
Максаттуу көрсөткүч | Максаттуу көрсөткүчтүн мааниси | 2023-жылдын жыйынтыгы | 2024-жылдын жыйынтыгы |
ИДПга карата мамлекеттик карыз | 70 %дан ашык эмес | 42,0 % | 37,6 % |
Республикалык бюджеттин кирешелерине карата мамлекеттик тышкы карызды тейлөө боюнча чыгымдар | 20 %дан ашык эмес | 9,6 % | 9,0 % |
Тышкы зайымдардын жеңилдиктеринин минималдуу деңгээли | 35 % | Ченем сакталат | Ченем сакталат |
Бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси | 35 % | Ченем сакталат | Ченем сакталат |
Бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы суммасынан % менен) | 45 %дан ашык эмес | 36,7 % | 36,5 % |
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жол берилген өлчөмү (сом) | 0 | 0 | 0 |
Казыналык милдеттенмелерден (КМ) тышкары, аукциондук негизде МКБны жайгаштыруу | 100 % | 100 % | 100 % |
Мамлекеттик баалуу кагаздардын ар жылдык эмиссияларынын жалпы түзүмүндөгү МКОнун салыштырма салмагы (МБКнын жалпы эмиссиясынан %) | 70 %дан кем эмес | 99,4 % | 98,7 % |
Ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтү (жыл) | 4,5 жылдан кем эмес | 7,9 жыл | 7,9 жыл |
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы (мамлекеттик карыздын жалпы суммасынан %) | 84 %дан ашык эмес | 75 % | 70 % |
Эл аралык капитал рыногунда чет өлкө валютасында чыгарылган жана жайгаштырылган МБК салыштырма салмагы (мамлекеттик тышкы карыздын жалпы көлөмүнөн %) | 20 %дан ашык эмес | 0 % | 0 % |
Жогоруда көрсөтүлгөн максаттардын айрымдары Стратегиянын оперативдүү аспекттерине байланыштуу. Стратегияда тышкы жана ички карыз алуулар боюнча сунушталган жетектөөчү принциптер кеңири баяндалган. Бул ыкма макроэкономикалык туруктуулукту колдоого жана финансылык тобокелдиктерди минималдаштырууга багытталган.
Тышкы карыз боюнча алганда, жетектөөчү принциптерде кредиттердин жеңилдетилгендигинин минималдуу деңгээли жана бириктирилген грант-элементтин минималдуу мааниси 35 % өлчөмүндө, ошондой эле бир кредитордун алдындагы карыздын максималдуу суммасы бир кредитор үчүн 45 %дан ашпаган өлчөмдө аныкталды.
Ички карыз алуулар боюнча алганда, Стратегияда ички карызды төлөөнүн орточо мөөнөтүнүн максаттуу көрсөткүчү 4,5 жылдан кем эмес өлчөмдө белгиленген, ошол эле учурда 2023–2024-жылдар үчүн иш жүзүндөгү көрсөткүч 7,9 жылды түзгөн.
Белгилей кетсек, 2024-жылы мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышы кыйла төмөндөгөн. 2023-жылы бул көрсөткүч 42,0 %ды түзгөн, ал эми 2024-жылы ал 37,6 %га чейин төмөндөгөн, бул карыздын туруктуулугунун олуттуу жакшыргандыгы жөнүндө кабар берет. Бул деңгээл белгиленген 70 % чектик мааниден кыйла төмөн бойдон калууда, бул мамлекеттик карыздын туруктуулугун, ошондой эле финансылык тобокелдиктердин азайышын билдирет.
Мамлекеттик тышкы карызды тейлөөгө чыгымдар республикалык бюджеттин кирешелерине карата пайыздык катышта да оң динамиканы көрсөттү. Эгерде 2023-жылы бул көрсөткүч 9,6 %ды түзсө, 2024-жылы ал 9 %га чейин төмөндөгөн.
Мамлекеттик карызды тейлөө боюнча мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн көлөмү нөлдүк деңгээлде кала тургандыгын белгилей кетүү маанилүү, бул жогорку төлөм тартиби жана мамлекеттин милдеттенмелеринин натыйжалуу башкарылышы жөнүндө күбөлөндүрөт.
Чет өлкө валютасындагы мамлекеттик карыздын салыштырма салмагы 75 %дан 70 %га чейин төмөндөгөнүн белгилей кетүү өзгөчө маанилүү, бул валюталык тобокелдиктин төмөндөшүн жана өлкөнүн финансылык туруктуулугунун жогорулашын көрсөтүп турат. Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү жана улуттук валютада инвестицияларды тартуу карызды башкаруунун стратегиясынын алкагындагы артыкчылыктуу милдет болуп саналат.
Эл аралык валюта фонду тарабынан 2024-жылдын 19-январында жарыяланган Debt Sustainability Analysis (DSA) талдоосуна ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы туруктуу бойдон калууда жана карыз каатчылыгына кабылуу тобокелдиги төмөн. Негизги сценарийге ылайык орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттик жалпы карыздын ИДПга карата катышы 48 %дан төмөн бойдон калат. Тышкы карыз каатчылыгына кабылуу тобокелдигинин төмөндүгү, стандарттуу экспорттук шоктун шарттарында тышкы карыздын ИДПга карата катышынын босого маанисинен ашуусуна жана карыздын көтөрүмдүүлүк даражасынын кыйла төмөн бааланышына негизделген. Туруктуулук зыяндын чектелүү өлчөмү, ырааттуу төмөндөө тенденциясы жана андан кийин соккуларды сиңирүүгө мүмкүндүк берген айрым мейкиндик менен кепилденет. DSA маалыматына ылайык 2023-жылы тышкы карыз мамлекеттик карыздын жалпы портфелинин 80 %ын түзгөн, 2028-жылга карата ал 60 %га чейин төмөндөп, ички каржылоо менен алмаштырылары күтүлүүдө. Улуттук валютадагы облигациялар рыногунун мындан аркы өнүгүшү орто мөөнөттүү келечекте тышкы карызды кыскартуунун негизги фактору болуп саналат жана тышкы карыздын катышын расмий чектен төмөн 80,8 %да кармап турууга өбөлгө түзөт.
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин болжолдуу маалыматтары боюнча 2029-жылга карата мамлекеттик карыздын ИДПга карата бул катышы 28 %га чейин төмөндөй тургандыгын белгилей кетүү керек, бул мамлекеттик карыздын абалынын туруктуулугунун жогорулашын билдирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин саясаты ички карыздын үлүшүн көбөйтүүгө багытталгандыгын, ал эми тышкы карыз алуулар келечекте экономикалык пайда алып келе турган экономикалык жана инфраструктуралык долбоорлорго гана тартыла тургандыгын белгилей кетүү маанилүү.
Ошентип, 2024-жылдын жыйынтыгы мамлекеттик карыздын абалынын олуттуу жакшыргандыгын көрсөттү. Негизги жетишкендиктерге төмөнкүлөр кирет:
– мамлекеттик карыздын ИДПга карата катышынын олуттуу төмөндөшү (42,0 %дан 37,6 %га чейин);
– тышкы карызды тейлөөгө чыгымдарды азайтуу (9,6 %дан 9 %га чейин);
– чет өлкө валютасындагы карыздын үлүшүн азайтуунун эсебинен валюталык тобокелдиктерди азайтуу (75 %дан 70 %га чейин);
– карыз алуулардын түзүмүн диверсификациялоо жана бир кредиторго көз карандылыкты азайтуу;
– жогорку төлөм тартибин ырастаган мөөнөтү өткөн төлөмдөрдүн жоктугу.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде 2023–2024-жылдары жетишилген көрсөткүчтөр карыз жүктөмүнүн төмөндөшүн, валюталык тобокелдиктердин кыскарышын жана мамлекеттик карыз саясатынын туруктуулугунун бекемделишин күбөлөндүрөт.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети белгиленген максаттуу коэффициенттерди так сактайт, бул мамлекеттик карыз саясатынын туруктуулугун камсыз кылуунун маанилүү фактору болуп саналат. Карыз алуулардын жана карыз жүктөмүнүн бардык параметрлери бекитилген стратегиялык багыттарга ылайык контролго алынат, бул экономикалык конъюнктуранын өзгөрүшүнө өз убагында жооп берүүгө жана мүмкүн болуучу тобокелдиктерди минималдаштырууга мүмкүндүк берет.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-июлундагы № 423 токтомунун редакциясына ылайык)