Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу №49
«Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн типтүү стандарттары жөнүндө” (03.09.2012-жылдагы № 603), “Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштыруу боюнча чаралар жөнүндө” (03.07.2014-жылдагы № 302) токтомдоруна ылайык, Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр тутумун оптималдаштырып, алардын сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу максатында, муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесин жана алардын стандарттарын бекитип берүү боюнча Токтогул шаарынын мэри Б.Д.Максутбаевдин 09.07.2024-жылдагы № 01-17/1107 сунушу Токтогул шаардык кенешинин “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар боюнча” туруктуу комиссиясынын 16.07.2024-жылдагы жыйналышында каралып, талкууланган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, токтом кылат:
1. Токтогул шаарынын аймагында муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмеси жана алардын стандарттары 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобу жөнүндөгү жобо 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы 3-тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Муниципалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн кошумча тизмесине кирген кызматтардын стандарттарга ылайык керектөөчүлөр чөйрөсүндө көрсөтүлүшү камсыздалсын.
5. Бул токтомду аткаруу жоопкерчилиги Токтогул шаарынын мэрине (Б.Д.Максутбаев) милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Биргелешкен мониторинг жана баалоо тобуна (К.Э.Умарова) тапшырылсын.
7. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды
8. Токтомду мыйзамда каралган тартипте каттоого алуу, көчүрмөсүн тиешелүүлүгүнө жараша жөнөтүү жооптуу катчыга (С.Наралиева) тапшырылсын.
9. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
10. Ушул токтом күчүнө кирген күндөн баштап, Токтогул шаардык кеңешинин XXVIII чакырылынынын 03.08.2018-жылдагы V кезексиз сессиясынын № 10 токтому жана бул токтомго байланышкан башка токтомдор күчүн жоготту деп табылсын.
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|