Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2024-жылдын 29-августу ПЖ № 241
Жашыл экономикага инвестицияларды тартуу боюнча чаралар (отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлор) жөнүндө
Жашыл экономиканы өнүктүрүүгө инвестицияларды тартууга (отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндөгү долбоорлор) дем берүү, Кыргыз Республикасынын энергетика тармагын туруктуу өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугун камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Отун-энергетикалык комплекси чөйрөсүндө электр энергиясын сатып алуу жана сатуу боюнча тарифтер, эсептешүүлөр жана төлөмдөр улуттук валютада жана чет өлкөлүк валюталарда жүргүзүлүшү мүмкүн деп эсептелсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен биргеликте инвестициялык макулдашуу жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу колдонулган мезгилде отун-энергетикалык комплексинин электр станциялары тарабынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алууда жана сатууда тарифти аныктоону, эсептешүүлөрдү жана төлөмдөрдү угуттук валютада жана чет өлкөлүк валюталарда жүргүзүүгө мүмкүндүк берүүчү тиешелүү ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү караган Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине киргизсин.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети ушул Жарлыктын 2-пунктунда долбоорлору каралган мыйзамдардын күчүнө кириши менен инвестициялык макулдашуу жана/же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашуу колдонулган мезгилде эсептешүүлөр жана төлөмдөр үчүн 1 кВт.с электр энергиясы үчүн улуттук валютада жана чет өлкөлүк валюталарда чектүү тарифти белгилесин.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |