Редакцияот 25.08.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2023-жылдын 25-августу № 24/13

 

Ала-Бука айыл аймагындагы орто мектептерге парта, столдорду жана ашканаларына керектүү жабдууларды алуу үчүн тендер жарыялоо жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:

1. Ала-Бука айыл аймагына караштуу №15 Ж.Бөкөнбаев жана №44 Р.Абдысаматова орто мектептеринин 2023-2024-жаңы окуу жылына карата эки классына парта, столдорду, ашканага керектүү жабдууларын алууга тендер жарыялансын.

2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

    Айылдык кеңешинин төрагасы

Умаров А.