Загрузка документа…
ТОКТОГУЛ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезектеги XXXV сессиясынын
2024-жылынын 26-июлу №51
« Токтогул шаарынын Аялдар кеңешинин Жобосун бекитүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык, Токтогул шаарынын Аялдар кеңешинин Жобосун бекитүү боюнча Токтогул шаарынын мэринин орун басары Т.Ш.Дарманованын 24.07.2024-жылдагы № 01-17/1195 сунушу Токтогул шаардык кенешинин “Өз алдынча башкаруу, регламент, депутаттын компетенциясы, этикасы, коомдук тартипти сактоо, спорт, жаштар иштери, арыздар, каттар, боюнча” туруктуу комиссиясынын 24.07.2024-жылдагы жыйналышында каралып, талкууланган.
Жыйынтыгында туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алып, Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын кезексиз XXXV сессиясы, токтом кылат:
Төрага: | М.Т. Борбугулов |
|
|
БЕКИТИЛДИ Токтогул шаардык кеңешинин XXIX чакырылышынын 26.07.2024-жылдагы кезексиз XXXVсессиясынын № 51 токтомуна Тиркеме |
Токтогул шаарынын Аялдар кеңешинин Жобосу
I. Ж алпы жоболор
1. Аялдар кеңеши – (мындын ары Аялдар Кеңеши) Токтогул шаарынын аймагында жайгашкан коомдук уюмдар жана бирикмелер менен калктын кызыкчылыгын коргоо багытында тыгыз иш алып барган ыктыярдуу, көз карандысыз, өзүн-өзү башкарган коммерциялык эмес коомдук уюм болуп саналат.
2. Аялдар кеңеши төмөндөгү багытта иш алып барат:
- аялдарды коомдук иштерге тартуу;
- аялдардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, энеликти жана балалыкты коргоо;
- Токтогул шаарынын аймагындагы бардык аялдарга коомдук иштерге катышууга бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү;
- Токтогул шаарынын аймагында коомдук, социалдык жана маданий чөйрөдө аялдардын ролун жогорулатуу;
- аялдардын жана балдардын ден соолугун коргоону камсыздоо;
- аялдар тарабынан энелик жана үй бүлөлүк милдетин аткаруусун камсыздоого көмөктөшүү;
- турмуш шарты оор аз камсыз үй бүлөлөргө, балдарга, майыптарга, пенсионерлерге колдоо көрсөтүү;
3. Аялдар кеңешинин укуктук ишмердүүлүгүнүн негизин КР Конституциясы, “Жергиликтүү өзүн- өзү башкаруу” жөнүндөгү КР мыйзамы, “Аялдардын жана эркектердин тең укуктуулугу жана бирдей мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү мамлекеттик кепилдиктер” жөнүндөгү мыйзам, гендердик теңчиликке байланыштуу мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктары түзөт.
4. Аялдар кеңеши- өзүнүн коомдук ишмердүүлүгүн ыктыярдуулук, тең укуктуулук, өзүн-өзү башкаруучулук, ачык айкындуулук жана мыйзамдуулук принциптеринин негизинде ишке ашырат.
5. Коомдук уюм катары аялдар кеңешинин негизги иштөө формасы болуп, жыйын эсептелет. Ар бир 3 айда 1 жолу жыйын өткөрүлөт.
6. Аялдар кеңеши шайлануу жана ыктыярдуулук принцибинин негизинде түзүлөт. Аялдар кеңешинин чечими сунуш берүүчүлүк мүнөзгө ээ.
II. Аялдар кеңешинин негизги максаттары:
7. Аялдар кеңешинин иши төмөнкү максаттарга багытталган:
- аялдар кызыкчылыктарын коргоого, үй бүлөнү сактоого;
- жетим балдардын, ата-эне камкордугунан ажыраган, руханий мээримден ажыраган балдарды коргоого;
- үй бүлө статусун бекемдөө үчүн түшүндүрүү ишин жүргүзүүгө;
- улуттук нарктуулуктун сакталышы, улуттук руханий аң сезимдин өнүгүшү багытында иш алып барууга;
- аялдардын жана балдардын арасында чыгармачылык жөндөмүн, акыл-эс жөндөмүн
өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө;
III. Аялдар кеңешинин курамын түзүү жана ишмердүүлүгүн уюштуруу тартиби
8.Токтогул шаардык аялдар кеңеши төмөндөгүдөй тартипте түзүлөт:
-ар бир кичи конуштардан жана айылдардан шайланган делегаттардын добуш берүүсү менен аялдар кеңеши курамы түзүлөт.
-аялдар кеңешинин курамы 17 аялдан турат.
-аялдар кеңеши 3 жылга шайланат.
- аялдар кеңешинин курамын шайлоо үчүн шаардын аймагындагы ар бир кичи конуштан жана айылдардан өткөрүлгөн чогулуштар аркылуу 3 төн кем эмес татыктуу делегат аялдар шайланат.
-коррупциялык шайлоону четке кагуу жана тең укуктуулукту камсыз кылуу үчүн шайланган делегаттар жалпы чогулушта ачык добуш берүү жолу менен аялдар кеңешинин 17 курамын шайлайт.
-аялдар кеңешине шайланган 17 курамы аялдар кеңешинин төрайымын, орун басарын катчыны шайлашат. ( кворумду эске алып, ачык добуш берүү жолу менен жүргүзүлөт )
9. Аялдар кеңешинин курамына:
- төрайым жана анын орун басары, катчы жана мүчөлөрү кирет;
- аялдар кеңешинин төрайымы, орун басары, катчысы аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн
арасынан көрсөтүлөт;
- аялдар кеңешинин иштөө формасы- жыйын болуп саналат;
- жыйынды өткөрүү боюнча катчы алдын ала кабарлайт;
- жыйындын чечими протокол түрүндө таризделет жана төрайым, катчы тарабынан кол
коюлуп тиркелет.
IV. Аялдар кеңешинин мүчөлөрү төмөнкүлөргө укуктуу:
- аялдарды коомдук иштерге тартууга, аларды көргөзмөлөрдү, концерттерди уюштурууга, кызыгуусуна жараша ийримдердин, семинарлардын ишине, башка муниципалдык иш-чараларды уюштурууга тартууга;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш-чараларды уюштурууга жана өткөрүүгө;
- талкууланып жаткан ар кандай маселе боюнча жеке оюн эркин билдирүүгө;
- кайрымдуулук иштерине катышууга;
- өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселелерин чечүүгө;
- жергиликтүү шарттарды эске алуу менен өздөрүнүн ишинин формасын жана ыкмасын аныктоого;
- консультациялар үчүн адистерди тартууга;
- шаардын аймагындагы үй-бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу маселелери боюнча анын сунуштарын кылдат карап чыгууга таянууга.
V. Аялдар кеңешинин төрайымына карата талаптар:
10. Токтогул шаарынын аялдар арасында ишти жандандыруу, аялдарды коомдук иштерге тартуу, гендердик теңчиликти камсыз кылуу, балдардын укугун коргоону жакшыртуу максатында жана компетенттүүлүктү камсыз кылуу үчүн аялдар кеңешинин төрайымына төмөндөгүдөй талаптар киргизилет:
- Аялдар кеңешинин төрайымына көргөзүлүүчү талапкер жогорку билимдүү болууга тийиш;
- үй бүлөлүү жана коомдо кадыр барктуу;
- мамлекеттик муниципалдык кызматтарда 5 жыл бюджеттик мекемелерде жана чарбалык эсеп ишканаларында 7 жыл иш тажрыйбасы бар айымдар;.
- компетенттүү жана коммуникабелдүү;
VI . Аялдар кеңешинин мүчөлөрүнүн милдеттери жана укуктары, алардын иш алып баруу компетенциясы
11. Аялдар кеңешинин төрайымы:
- жыйналыштарды өткөрөт;
- Аялдар кеңешинин кызыкчылыгын мамлекеттик мекемелердин, ЖӨӨБ мекемелеринин алдында коргойт жана таламын жактайт;
- чогулуштарда аялдар кеңешинин сунушу менен чыгып сүйлөөгө укуктуу.
- жылына бир жолу жасалган иштер боюнча шаардык кеңеште, шаар мэринин катышуусунда отчёт берет жана иши “канааттандырарлык” же “канааттандырарлык эмес деп бааланат.
11.1 Аялдар кеңешинин төрайымынын орун басары:
- төрайым жок болгон учурда чогулушун алып барат.
- кызматтык милдеттерге жараша иш алып барат.
11.2 Катчы:
- жыйын боюнча ар бир мүчөгө кабарлайт.
- токтом жазат.
11.3 Мүчөлөрү төмөндөгүлөргө милдеттүү:
- муниципалдык иш чараларды иш планга ылайык уюштурууга;
- аялдардын жана тургундардын жазуу жүзүндөгү жана оозеки кайрылуулары менен таанышууга;
- социалдык маселелерди чечүү багытында демөөрчүлүк каражаттарды тартууга, муниципалдык бюджеттен каражат сурап кайрылууга;
- шаар аймагында курч мүнөздөгү маселелерди чечүүдө мамлекеттик мекемелердин, коомчулуктун көңүлүн бурууга
- ар кандай спорттук иш чараларды уюштуруу менен сергек жашоого үндөөгө.
- улуу муун менен жаштардын ортосунда байланышты күчөтүү максатында ар кандай жолугушууларды, тегерек столдорду өткөрүүгө;
- калктын аялуу катмары менен иш алып барууга;
- карыларга жана кароосуз калган балдар менен моралдык жана материалдык колдоо көрсөтүү багытында иш алып баруу;
11.4 Мүчөлөрү төмөндөгүлөргө укуктуу:
- шаар аймагындагы аялдарды коомдук иштерге жана ар кандай иш чараларга тартууга;
- өздөрүнүн ыйгарым укуктарына ылайык муниципалдык жана башка иш чараларды өткөрүүгө;
- ар кандай маселе боюнча өз оюн билдирүүгө;
- өздөрүнүн мүчөлөрүн кабыл алуу жана чыгаруу маселесине катышууга;
- иштөө формасын аныктоого;
- үй бүлөлөрдүн жана балдардын абалын жакшыртуу багытында сунуштарды талдоого ;
VII. Аялдар кеңешинин иш кагаздары:
12. Аялдар кеңешинин каттоого алынуучу иш кагаздары:
- Аялдар Кеңешинин иш пландары
- жыйындардын протоколдору
- аткарылган иштер боюнча маалыматтар жана иштелмелери
- аялдар кеңешинин курамы боюнча анкеталык маалыматтар.
- уюмдун иши жөнүндө отчёттуулукту ишке ашырат.
VIII. Башка жоболор
Аялдар кеңеши пландарга ылайык иш алып барат, алар Аялдар кеңешинин отурумдарында бекитилет жана түзөтүлөт.
Аялдар кеңеши өзүнүн ишин туруктуу талдап турат, жыл сайын өзүнүн иши жөнүндө калкка отчёт берет.
Токтогул шаардык кеңешинин төрагасы: |
М.Т. Борбугулов |
|
|