Загрузка документа…
АЛА-БУКА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2023-жылдын 25-августу № 24/14
Ала-Бука айыл аймагына караштуу №1 Үйбүлөлүк даарыгерлер тобуна (ҮДБ) медициналык жабдууларды сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамына ылайык Ала-Бука айылдык кеңешинин төрагасы А.Умаровдун билдирүүсүн угуп жана айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2023-жылдын 25-августундагы отурумунун корутундусун карап чыгып, талкуулап, Ала-Бука айылдык кенешинин XXVII-чакырылышынын кезектеги XXIV-сессиясы токтом кылат:
1. №1 Үй-бүлөлүк даарыгерлер тобун (ҮДТ) жаңы заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо максатында “АРИС” уюму тарабынан “ Жергиликтүү коомчулуктуу колдоо үчүн кошумча каржылоо” долбоорун ишке ашырууда 150000 доллар акча каражатына медициналык жабдууларды сатып алууга макулдук берилсин.
2. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү айылдык кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, инвестиция жана финансы маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Айылдык кеңешинин төрагасы | Умаров А. |